Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Премьер-министр Абылгазиев кубаланып кетеби? Коркунучтуу себептери...

Премьер-министр Абылгазиев кубаланып кетеби? Коркунучтуу себептери...

29-октябрь, 21:42
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт пенсияны, мугалимдердин айлыгын арзыбаган акчага көтөрүмүш эткени менен азык-түлүктөрдүн баасы кескин түрдө өсө баштады. Ундун кымбатташы менен бул жаатта кризистик кырдаал түзүлөрүн айтпасак да белгилүү. Күз айларындагы бышыкчылыкта мындай коркунучтар сезиле баштаса, анда жазды элестете бергиле. Күйүүчү майлар да соңку убакта 1 сомго көтөрүлгөнү коомчулукту тынчсыздандырууда. Ал эми жаңы жылдан кийин ЕАЭБдин талабына ылайык, сырттан кирген автоунаалар космостук чекте көтөрүлөрү анык болууда. Маселен, буга чейин 2010-жылкы “Тайота Камринин” бажы төлөмү 1300 доллар болсо, 1-январдан тарта 13000 долларга жогорулайт. Бул боюнча азыртан эле паникага алдыргандар арбыды. Дагы бир олуттуу жагдай, видеокамералар коюлгандан кийин айдоочулар арасында кырсык азайбай эле көбөйүп, бир жагынан айып пулдар карапайым калктын жонунан кайыш тилип, нааразычылык жаратууда. Айтор, мындай темп менен кете берсе премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев элдин толкундоосун жаратып, кызматынан кубаланып кетпейби? Эл дайыма чыдайт, сабыр кылат, бирок аягында көчөгө чыгып атпайбы... 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер