Бектур Асанов: “Июнь окуясы боюнча мага Нобель сыйлыгынын берилүүсү айтылган...”


-- Бектур мырза, “2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу сиздин үстүңүзгө кара булут айланууда” деген сөздөр коомчулукта пайда болду. Ушу боюнча эмне дейт элеңиз?
-- 2010-жылдагы Июнь окуясын учурунда үч: улуттук, парламенттик жана эл аралык комиссиялар изилдеген. Андан кийин мен оппозицияда жүргөндө Атамбаев менин тырмактын учундай күнөөм болгондо камамак, андан башка бийлик деле. Ал жерде эч кандай күнөөм жок. Ошо кездеги сотко чакырган тергөөчүлөр “Ош окуясы үчүн сизге Нобель сыйлыгын бериш керек, сиздин эмгегиңиз аябай зор экен, өзбек-кыргыз согушунда кыргыз мамлекетинин сакталып калышына ат көтөргүс салым кошуптурсуз. Азыр болбосо да келечекте ошондой сыйлыкка татыктуу болосуз!” деп баардык тергөөчүлөр ишенимдүү айтышкан. Кудай буюрса, бу жерде менин жүзүм жарык. Ош коогалаңында эки элдин ынтымагын, анын ичинде кыргыз мамлектинин эгемендүүлүгүн сактап калууда кылган эмгегим үчүн арадан 12 жыл өтсө да сыймыктануу менен карайм. Албетте, ал кезде акыбал өтө оор болгон, биздин жарандардын далайынан айрылганбыз. А мен түз жана эң туура кадам жасап, эң туура позицияны карманганым үчүн дагы бир жолу айтам, кымындай да шек саноом жок. Кудай алдында, элимдин алдында, тарых алдында жүзүм жарык.
-- Сизддердин “Бириккен демократиялык кыймыл” учурда кандай иштерди алдыга жылдырууда?
-- “Бириккен демократиялык кыймыл” Кыргызстанда болуп жаткан ар бир саясый окуяларга өзүнүн позициясын билдирип келатат. Ошол эле учурда бийликке курулай сын пикир эмес, конкреттүү сунуштарды айтууда. Азыр жер-жерлерде “Бириккен демократиялык кыймылдын” уюмдары түзүлгөнү жатат. Саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер бизге байма-бай кайрылууда. Кечээ Талас жергесинде болдук. Элдин көз карашы бизге түз. Менимче, биздин кыймылдын кулачы күндөн-күнгө жайылууда, келечекте кыла турган иштери көп...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











