Чыңгыз Айтматов менен Султан Раевдин маегин окугандан кийинки ойлор…


(Азия Ньюс, 16-октябрь, 2025-жыл)
«Глобализация процесси – бул улуу нерсе, бүт дүйнөнү камтыган процесс» дейт Чыкебиз. Глобализация же ааламдашуу илим-билим, көркөм адабият боюнча бүт дүйнөнү камтыган процесс болсо макул, бирок мунун артында майда улуттарды өзүнүн таасирине баш ийдирүү боюнча айлакер, кытмыр, митаам аракеттер турган жокпу? Болуш керек. Атап айтканда, англичандар англис тили аркылуу өзүнүн таасирин бүт дүйнөгө жайылтууда. Россия Федерациясынан элдерди өз кучагына камтып, “орус тилин билбесең, көп акча тапкан жумушту кантип иштейсиң?” деген өзгөчө бизде басымдуулук кылууда.
Мындан сырткары, олчойгон чет өлкөлүк байлар азыноолак тыйын-тыпырын чачып, НПОлорду ачып, “өз укугуңду бил, күйөөң менен тең укуктуу болуу үчүн күрөш” деп кыргыз кыз-келиндеринин колтугуна суу бүркүп, натыйжада «келин изи бул кулчулук» деп көчөгө чыгып жүрүш жасап, эки аял энеден туума жылаңачтанганга чейин барышты. Мектеп окуучуларын “ата-энең менен окуткан мугалимиңди сотко бер” деп үйрөтүп, ата-эне менен мугалимдин кадыр-баркы кетти.
Күйөөсүнөн тең укуктуулукту гана эмес, күйөөсүнө бийлик кылууну жеңип алган келиндер кайната-кайненесин жыландын уюгундай болгон «карылар үйүнө» алып барып салууда. Кыргыз карыган ата-энесин мойнуна көтөрүп бакчу эмес беле!
Арабдар ислам дини аркылуу өзүнүн таасирин тымызын бекемдеп, кыргыздын өзүнөн чыккан малай молдокелери аркылуу кыргыздар буга чейин адал-арамдын айырмасын билбей жүргөнсүп, “халал” деген сөзүн баардык жерде колдонууда.
Өзүнүн келбетине жарашкан улуттук кийимдеринин ордуна кыз-келиндер хиджаб кийишип, анысы аз келгенсип, 1-2-3-класс окуган наристе кыздарынын моюн-башын жоолук менен бекем ороп салышкан. Муну көргөндө, «ой кантет, булар турмушка чыга элек жаш кыздар эмеспи!» деп мен уялам. Анткени улуттук каада-салтыбыз боюнча жоолукту келиндер салынып, кыздар тебетей кийип жүрүшкөн. Дайыма жоолук салынгандыктан келиндердин кулагы ак, жаш кыздардыкы күнгө күйүп, кулагы кара болгон. Турмушка чыга элек кыздарды ушул белгиси аркылуу билишкен.
Эркек адамга эң биринчи мурут чыгат, сакал андан кийин. Улуттук тарбия боюнча бала атасынан мурда сакал койгон эмес. Малай молдокелердин талабы боюнча XXI кылымдын эркектери мурут арам дешип, жаш-карысы дебей муруту жок, сербейтип сакал коюшуп, “эчки” болуп өзгөрүштү. Эчкинин сакалы бар, муруту жок эмеспи. Ушунча өзгөргөн мусулман кыргыздар өздөрүнүн сырткы кебете-кешпирин күзгүдөн карап көрүштү бекен? Алар “кыргыз эмес мусулманмын” дешет. Мусулман болууга үндөгөн ислам дини чыга электе эле биздин заманга чейин 10-15 миң жыл мурун кыргыздарга өзүнүн үрп-адаты, каада-салты, адамдар жаш-карыга кандай мамиле кылуу керектигин жол-жобосун үйрөткөн улуттук тарбиясы калыптанган. «Улууга урмат, кичүүгө ызаат», «Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт» деген эреже өкүм сүргөн эмеспи. Бул боюнча эгиздин биринчи жерге түшкөнү жашы улуу катары эсептелип, «аяк алып ичер» дешкен, башкача айтканда тамакты биринчи ооз тийген. Алдыга келген тамакты, ашты эң биринчи ата-энелер менен улуулар ооз тиймейин, курсагы ачып, шилекейи агып баратса да жаштар адеп сактап турушканы маалым.
Кыргызда тамак-аштын да өзүнчө маданияты болгон. Ушуга ылайык төрт түлүк малдын этин кыргыз-казак устукандап, улууларга сый катары жамбаш, жото жилик, кашка жилик, андан кийин далы, кабыргалар тартылган. Күң жилик салт боюнча келиндердин шыбагасы эле. Бүгүнкү күндө өзүнүн аксакалдык, улуулук жолун билбегендер күң жиликти мүлжүп отурушат. Ислам дининин ээси болгон арабдар малдын этин мүчөлөп, устукандап жегенди билишпейт.
Кеменгер тарыхчы Орозбек Айтымбетов кыргызда каада-салтты, улуттук тарбиясы калыптангандан кийин, биздин заманга чейин 8 миң жыл мурун байыркы кыргызда мамлекет негизделген деп абдан ишенимдүү далилдеп жазган.
Улуттук каада-салт менен тарбиянын баарын айтпай бирин айтканда, өздөрүн илим-билимдүү, жогорку маданияттуубуз деп эсептешкен европалыктар үйүнө келген кишиге «кофе хочешь?» деп сурайт. Кыргызда келген мейманга «ичесиңби?» деп сураган башка чапкандай уят иш. «Ичиңиз» деп сыпайы аяк сунат.
Ислам дини чыкканга чейин эле миңдеген жылдар мурун адамгерчилик сапаттын баардык үлгүсүнө ээ болгон кыргыз өзүбүздүн каада-салтыбызды жерип, исламды караңгыда шамчырак, жол көрсөткүч кылып алабызбы? Кыргыз өзүнүн кыргыз деген сыймыктуу наамын четке какпай, Мухаммед пайгамбарды таанып, беш маал намазды жазбай окуп, убагы келгенде орозо кармап, мал-жанына зекет берип, беш парздын бири Меккеге барып турса (Меккеге баруу жагынан бүгүнкү мусулман кыргыз алдына киши салбайт. Ажынын көптүгүнөн кимди ажы дешти да билбей калдык) жетиштүү болот го деп ойлойм. «Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын кошо боёптур» демекчи, аша чаап кеткенде, алды-артын карабаган кыргыз чоочун мүнөз, башка түргө өтүп кетет. Ансыз деле кылтылдап, бычактын мизинде турат.
«Биз канткен күндө да, - дейт Чыңгыз Айтматов, Султан Раев менен болгон маегинде, -- өзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек». Чыкебиздин ушул осуят сөзүн жеке адамдар гана эмес, мамлекеттик жетекчилер да эсинен чыгарбай жүрүшү милдет.
Султан Раев: «Тилди сактоо ириде улутту сактоо» деген түшүнүк. Чыңгыз Төрөкулович, сиздин оюңузча улуттук тилибиз өлкөнүн расмий турмушунан четтетилип калган жокпу?
Чыңгыз Айтматов: «Тил жөнүндөгү сөз эң оболу улут дегендик». Тилге кыянатчылык кылуу – ал улутка кыянатчылык кылганга тете. Мына тилибизди мамлекеттик тил деп жар салып жатабыз. Мыйзам боюнча ошондой, иш жүзүндө кандай? Баары орус тилинде. Аны көпүрө, каражат катары пайдаланышыбыз керек» дейт Чыке.
Туура, буга каяша айтууга болбойт. Бирок биз, XXI кылымдын кыргыздары жаман-жакшынын баарына кайдыгер мамиле жасаган кесел менен ооруп, «көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деп кол шилтеп калдык.
31-августту эгемендик күнү катары тайралаңдап бийлеп, аба жаңыртып ырдап атабыз. Бийлеп, ырдап атып, «сатам», «сатылат», «сатып алам» деген төл сөзүбүз дээрлик унутулуп, алыскы тоо арасындагы орустун өзүн көрбөгөн айылдарда, эшек арабасында «Продаю», «Продаётся» деген кулактандыруулар жазылып турат.
Россия империясынын убагында келген орус байларынын ысымдары кыргыз жер-суусуна коюлган боюнча Григорьевка, Семеновка, Раздольное, Сосновка, Теплоключенка, Романовка, Гавриловка, Антоновка, Богатыровка, Ивановка жана башка «овка» деген аталыштагы бойдон калган. Ошол бойдон турат дегендик – кызганычтан, ичтардыктан эмес, жер-суубуздун кыргызча аталышына ээ боло албагандан кийин, артыбыздан өсүп келаткан жаштарыбызга кыргыз тили катары тескери таасир тийгизгендигинде.
«Улуттук тилибиз», - дейт Чыке, -- эчен кылымдардан бери ата-бабабыздан бизге мураска калган улуу дөөлөт. Биздин милдет – аны кийинки муундарга калтыруу. Эгерде тилди ыйык тутпасак, анда улут да жоголот.
Кеменгер Чыкебиздин тил боюнча жогорудагы эскертүүсүнө бүгүнкү мамлекеттик бийликтин башында турган президенттен тартып, креслодо отурган баардык мансаптуулар негедир көңүл бурбагандай. Чет жерден келаткан турист эмес, кыргыз өзү түшүнбөгөн Боом капчыгайынан бери Балыкчыны карай чыга бериштеги кан жолдун боюнда «Куямат-Кыркооп» деп бадырайта жазылып турат, 30-40 жылдан бери. Башкаруучу, билермандар автомашина аркылуу ары өткөндө, бери өткөндө көзүн жумуп өтүшөбү? Жок, кол шилтеген кайдыгерлик.
«Куямат-Кыркооп» деген жазуу турган жерге аттап өтө тургандай суу агып келет. Ошол коктуну өрдөп жогору чыгып барсаң, Кыямат-Көркоо деген чер токойлуу чоң коктуга туш келесиң. Ага кирсең кайра чыкпайсың. Кыямат дегени акыр кыямат деген сөз. Көркоосу киши жеген бөрү.
Кемин шаарына 2-3 чакырым жете бербей, «Желарык» деп жазылган. Бүгүнкү «Жоондор» эле «Желарык» деп сүйлөбөсө, нукура кыргыз «Желаргы» деп айтат.
XXI кылымдын кыргызын кыргыз деп айтууга кээде оозуң барбайт. Алдуусу алсызын жеп, байлык, акча дегенде эки көзү чычаладай кызарган ач бөрү, жылмаңдаган куу түлкү. Буга Чыкебиз кирпиктен тартып, көзгө сайгандай таасын жооп бериптир. Чыке: «Адам – зомби, акыл-эстен ажыраган маңкурттар менин чыгармамдагы каармандар болсо, ал эми бүгүн алар реалдуу адамдарга айланышты».
Куланбаев Өмүркул деген торуайгырлык (Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы) классташым айтчу эле (көзү өтүп кетти). Совет мамлекети чыккандан кийин бир нече жыл өмүр сүргөн Таабалды ажы деген короо-короо кою бар дөөлөттүү киши болгон. Күндөрдүн биринде, кыш чилде убакта Сакай аттуу адам ажыныкына барат айылдан чыгып.
-- Келипсиң Сакайым, айыл-апада эмне кеп-келеч бар? Көргөн-билгениңди айтып отур, - дейт Таабалды ажы кепке тартып.
-- Айыл ичи тынч, бала-бакыра, эл-журт эсенчиликте. Көргөн-билгенимди айтайын десем, айылдан чыгып, алыс жактарга деле барбайм. Өзүмдүн келгенимдин себеби, балдар кызып сурап калыптыр. Сизден соют сурап келдим эле, - дейт Сакай ийменгендей добушу акырын чыгып.
-- Соют сурап дечи... -- Таабалды ажы алдындагы чайды эки-үч курдай ууртап, алдырттан мейманга көз чаптырды. -- Макул, берейин, бирок кайтарымы кандай болот?
“Берейин” дегенди уккан Сакай сүйүнүп кетет:
-- Мартабаңыз күндөн күнгө артыла берсин, ажым! Өлбөгөн кулга эртең эле жаз келет. Жерди сугара салып, үрөндү себе салып, күзүндө дан бышканда, кап-кап арпа, буудайды сизге бере салам.
-- Жообуң жарады Сакайым, жообуң жарады, - деп Таабалды эки-үч кайталап, берилген жоопко ыраазчылык билдирет. -- Эки ирик берсем, айдап кете албайсың, үчтү алгын, - деп үч семиз ирикти алдына салып берет.
Караңызчы, илгерки кыргыздар айтылган сөздү алтын-күмүштөн да жогору баалаган. Бул кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүнүн дагы бири.
Күндөрдүн биринде түнкүсүн кой уурдаганы келген бокотой-барактан бирөөнү койчулары колго түшүрүп, Таабалды ажынын алдына алып келишет.
-- Эй, кудай аткыр, өз коюңду өзүң уурдап жүргөнүң эмнең?! Андан көрө ачыгын айтпайт белең! Эки жылкы төлүн алгын дагы, үчүнчү жолу берген малымды төрт көзүн түгөл төлү менен кошо бересиң, - деп ууруга келген бокотой инисине 120 соолук койду алдына салып айдатып жибериптир, - деп кеп салып айтып отурду чырпыктылык санжырачы, тарыхчы Камчыбек Исраилов.
Илгеркилер адамгерчиликти жогору баалаган, өтө боорукер, кең пейил, кайрымдуу болушкан. Жарды-жалчыларга саап ичерине уй, минерине ат, союп жегенине мал берип, эч кимди ач бел, куу жондо калтырган эмес. Бүгүнкү күндө жогоруда айтылган адамгерчилигибизден кол жууп калдык.
Султан Раев: “Сиз четте көп жүрүп калдыңыз, жер, эл жөнүндө ойлойсузбу?”.
Чыңгыз Айтматов: “Ойлобогондо, ой санаамдын баары ушул жакта. Албетте, эл-жеримди сагынам”.
Эл-жерин сагынган Чыкебиз «президент болууга киши чыкпай жатат, өзүңүз болуп бериңиз» деп жазуучу Казат Акматов барганда эмне үчүн президент болуудан баш тартканы табышмак. Анткени Европа элдеринин кандай коомдук түзүлүштө экономикасы өнүгүп, мамлекетти башкаруусу кандай формада экенин беш колундай билген адам жаңыдан өз алдынчалыкка ээ болгон эл-журтуна караан болуп бергенде не?
Анда мамлекеттик өндүрүштүн баардыгы өз ордуна иштеп, кыз-келиндерибиз балдарын жетим калтырып, чет өлкөдө жумуш издеп, ар кимдин эшигин сагалап жүрмөк эмес.
“Кумтөр алтын кени ачылса экологиялык катастрофа болот” деп СССРдин экология эксперттери уруксат бербей койгон. Чыкебиз президент болуп келсе, Кумтөр алтын кени ачылса да канадалыктар (булар келбейт болчу) тоону күнүгө жардырып, түбөлүк мөңгү талкаланбайт эле. Токтогул суу сактагычы өз орду менен сууга толуп, бүгүнкүдөй электр энергиясына муктаждык жаралмак эмес. Миллион тонналап түзүлгөн цианиддин кесепетинен балдар майып төрөлгөн трагедия да болбойт эле.
«…Макул элем, башкасынын баарына, балдар жатат майып болуп төрөлүп» деп Жети-Өгүз районундагы Тосор айылынан чыккан, бүткүл түрк дүйнөсүнө белгилүү, залкар акын Омор Султанов тиги дүйнөгө ыйлаган бойдон кетти.
Башка эмне дейбиз?! Мекенчил акын Меңди Мамазаирова сүрөткө тарткандай эле айткан экен.
Кайран эл, кайран кыргыз,
Ишенип бал сөзүнө,
Шайлаган сени башчы кылып,
Өз шоруна!!!
(“Азия Ньюс”, 30-октябрь 2025-жыл).
Профессор Кубан Мамбеталиев: «Жер сатылды, суу чачылды. Жетекчилердин айынан кыргыз Үзөңгү-Кууштан, Каркырадан айрылды. Кумтөрдүн алтынын ажолор «Акционердик коомдун менчигине айлантып, инвесторго сапырып эле беришти». («Азия Ньюс», 30-октябрь 2025-жыл)
Деги Көкө Теңирдин буйругуна айла жок экен. Кыргыз коомчулугун орду толгус оор жоготууларга дуушар кылгандар акыры жазаланарына ишене туралы...
Султан Раев: «Бул дүйнөдөгү чоң жоготууңуз, өмүр бою издегениниз эмне?» деп Толстойдон сураганда, ал айткан экен «Чындык» деп.
Султан Раев: «Чындык – бул эң жогорку акыл эс» дешет экен.
Чыңгыз Айтматов: «Азыр ойчул ойлонууга түрткөн адабият пайда болду. Жазуучу баягы тааныш сюжеттен татаал ойлоого өттү. Биз улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү сактап клышыбыз керек”.
Чыкебиз айткандай, интеллектуалдык коомчулугубузду улам илгерилетип, жаңы түшүнүктөр менен байытып, татаал изденүүлөргө барсак болмок. Бирок биз алдамчы бийлик жетегинде, тескерисинче, артка кеттик. Материалдык байлыктан кол жуу менен бирге духовный байлыктан да ажырадык.
СССРдин убагындагы алыскы тоо арасындагы малчылар колунан түшүрбөй сүйүп окуган, ай сайын чыгуучу адабий көркөм журнал «Ала-Тоо» менен «Кыргызстан маданияты» жумалыгы, мектеп окуучуларына арналган журнал менен балдардын кызыгуусун туудурган жума сайын чыгуучу гезитти муунтуп жок кылды. Ушуну менен кыргыздын акыл-эсин, ой жүгүртүүсүн, кыялдануусун, илгерилеп өсүүсүн токтотуп, эки аяктуу айдаган жакка баса турган адам кебетесиндеги макулуктар көбөйдүбү?
Чыкебиз айткан ойчул, ойлонууга түрткөн адабият биз үчүн жөн гана сөз бойдон калууда. Анткени СССРдин убагындагыдай акын, жазуучуларга өкмөт тарабынан көңүл буруу, камкордук жок. Ар ким өз билгенин жасап жатат. Китеп, ыр, поэзия окулбай калды. Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев:
Оо, Кудай ай, ыр окулбай калабы,
Ырды кордойт балта жутар баягы.
Баягынын башы ташка мадалып,
Эми качан аңтарылат аягы...
Алты жолу президент алмашкан менен завод, фабриканы калыбына келтирүүнү мындай кой, элдин интеллектуалдык билимин жогорулатуу үчүн адабий көркөм журнал, кызыктуу гезиттерди чыгарууну эч ким колго алган жок. Мансаптуу билермандар, алысты ойлой турган билимдүү адамдар көп болгондон көрө, «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» демекчи, бийликтегилерге кемчилигин айтып талашып-тартышпаган, мен сенден артта каламбы?» деп бири-бири менен эрегишкен, тапкан-ташыганына улам жаңы үйдү салып, чет өлкөлүк автомашина алууга дилгирленген чөйрө калыптанды. Мыскылдап күлүшүп, кайдыгер кол шилтеген адамдар арбыды.
Улам кийинки келген мамлекет башчынын кош көңүлдүүлүгүнөн элибизди багып жаткан Ала-Тоонун кен байлыгын улам бир чет өлкөлүк казып талкалап, жер-суунун, аба катмарынын уулануусунан наристелердин майыптыгын, оорулуу болуп төрөлгөнүн көрүп отуруу азаптын азабы экен.
Ачкөздөр алтын казбай, гүл тереби?
Сен мезгил айтчы, ушундай күн келеби?
Же жерди тытып ийген ачкөздөргө,
Асмандан токтот деген үн келеби?
Үн келсе, аны ачкөздөр угар бекен?
Же кайта казамын деп турар бекен?
Же сезип кабары деп бир тозоктун,
Ал үнгө коркуп, кулдук урар бекен?
(«Айтчы мезгил». Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев).
Китептен китеп окуп, акыл-эсин улам жаңы түшүнүктөр менен байытып, ой жүгүртүүсүн, кыялдануусун өнүктүрүп турбагандыктан (баласынын да, ата-энесинин да тиктегени мобилдик телефон), бүгүнкү мурдунан алысты көрө албаган чала сабат кыргыздардын ички жандүйнөсү чөп өспөгөн Гоби чөлүндөй жакырланып, Чыңгыздын чыгармаларын окубай калышы мүмкүн, балким такыр эле окубай калышат.
Муканскиф Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Кан Кошой көчөсү №19
"Азия Ньюс" гезити











