Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Орозбеков: “Кооперативдер иштеп жаткан өлкөлөрдө банк системасы элдин жонунан кайыш тилбейт”

Бакыт Орозбеков: “Кооперативдер иштеп жаткан өлкөлөрдө банк системасы элдин жонунан кайыш тилбейт”

15-май, 12:21
1 423 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт мырза, биз, жалпы эле эл кооперативдердин ишине байкоо салып, карап келебиз. Элдин ишеничин кетиргендей окуялар да орун алып кетти. Сиздерде кандай өзгөчөлүктөр бар?

-- Кооперативдер Кыргызстанга жаңы келгени үчүн дагы түшүнбөөчүлүктөр көп болуп жатат. Негизи кооператив жакшы система. Бул система иштеген өлкөлөрдүн баары өнүккөн. Кооперативдер иштеп жаткан өлкөлөрдө банк системасы элдин жонунан кайыш тилбейт. Кооперативдер иштеп турганда банктар ставкасын көтөрбөйт. Мисалы, Европада банктар ипотеканы 3-4%дан ашырып бере албайт. Союз урагандан кийин кооперативдерди талкалашкан. Анткени банк системасын алып кирүү зарыл болгон. Өлкөбүз өз алдынча эгемендик алгандан бери отуз жыл артта калды. Ошол кезде төрөлгөн балдар отузга чыкты. Эми алар кандай иш баштайлы дебесин, каражатты банктан гана издешет. Башка альтернатива жок. 

Азыркы учурда кооперативдерди жасалма пиар да кылып жатышат. Көп кишилерге бут тосуп, бизнестерин токтотуп жатышат. “Ихсан” турак жай кооперативин эле мисалга алсак, бир жарым жыл ичинде үч жарым миң үй-бүлөгө үй алып беришти. Өтө жакшы көрсөткүч. Дагы 7 миңдей киши кезекте турат. Башка кооперативдерди кошкондо жыйырма миңдей киши кооперативдердин мүчөлөрү. Банкка жыйырма миң киши барбай калды. Банктардын ээлери болсо көпчүлүгү бийлик өкүлдөрүнө тийешеси бар. 

Учурда кооперативдерди күчтөнтүш керек. Биз түзгөн кооператив шарияттын негизинде эч кандай пайызы жок. Төрт багытта иш алып барабыз. Биринчи багытыбыз – турак жай. Экинчи маселе – автоунаа. Учурда борбор калаабыз эски автоунааларга толгону чоң көйгөй. Үчүнчүсү – бизнес. Бизнесте мал багабыз дейбизби, же башка бизнеспи, эч пайызы жок бизден жардам алса болот. Төртүнчүбүз – бул рефинансирования. Эгерде адамдардын башка уюмдардын алдында карызы болсо, аларды жапканга жардам беребиз. 

Башка кооперативдерден айырмачылыгыбыз – бизде инвестор бар. 50%ын Араб өлкөлөрүндөгү инвесторубуз каржылап берет. Эки айдан алты айга чейин мөөнөтүбүз бар. Алгачкы төлөм 15%дан башталат. Максималдуу 25 жылга чейин алса болот. 

-- Кредитти кайра жапкан багытыңар да карапайым элге өтө керектүү экен. Кандай жарандар кайрылууда?

-- Биздин ачылганыбызга үч айдын жүзү болду. Үйүн алдырган, кредиттен запкы тарткан жарандар кайрылышууда. Ушул кредиттин айынан үй-бүлөлөр ажырашып, түрдүү тагдырларга тушуккан мигранттардын саны да арбып барат.

Бийлик “мигранттар 2 миллиарддан ашык инвестиция алып келүүдө” деп мактанып келет. 2 млрд. кайра эле кредит жапканга кетип жатат. Банк ээлеринин баары чет өлкөлүктөр. Мекендештерибиз тапкан акчалардын баары агылып кайра сыртка кетүүдө. 

Кайрылгандар көп. Бирок учурдагы кооперативдердин айланасында болгон окуялар элди кооптондуруп койду. Мамлекет дагы “кооперативдерге кайрылбагыла” деген чакырыгын таштоодо. Бул системада күнөө жок. Күнөө – аны туура эмес иштетип жаткан адамдарда. Кыргыз элин дагы түшүнсө болот. Себеби, алдагандар да көбөйдү. Биз бөтөнчө ишенчээк элбиз. Бир жерден алданып, кайра  башкасына кирип жатабыз. 

-- Эл аралык болсо да кайсы өлкөлөрдө ачылганы элди кызыктырат го?

-- Биздин кооператив алты өлкөдө иш алып барат. Биздегидей ислам шарияттары менен иш жүргүзүлөт. Алты өлкөнүн экөө ачылды: Кыргызстан жана Россия. Кезекте Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан анан Түркияда ачылат. 

Кооператив системасы илгертеден иштеп келген. “Ашар жолу” деп баарыбыз билебиз. Бир кишинин колунан көп иш келе бербейт, а көптөп иштесек, бир топ жакшы иштер ишке ашат. Азыркы кооперативдердин туңгуюкка кептелип калганы системадан эмес. Иштетип жаткан адамдан.

Биздин системанын өзгөчөлүгү – эл аралык иш. Инвесторубуз бар, мамлекет аракет кылууда. Мамлекеттик ипотека беш жылдык программа менен чыкты. 30 миңден ашык кезекте турган адамдар бар. Бирок беш жылда 30 миң адамды камсыздай албайт. Азыр баарыбыз бири-бирибизге жардам берип, мамлекет да колдоо көрсөтүп жиберсе, тез эле көйгөйлөрүбүз чечилет деп ойлойм. 

-- ИИМден тынбай эскертүүлөр болуп жатат, тоскоолдуктар болгон жокпу?

-- Жеке бизге болгон жок. ИИМ туура эле эскертүү берүүдө. Исламды жамынып, көптөгөн туура эмес иштер да болуп кетип атат. Ал жагын моюнга алуу шарт. Бирок биздики такыр башка. Азыркы Кыргызстандагы кооперативдер менен бизди салыштырууга болбойт. Биз ушундай чоң максат менен чыктык – Ислам каржы кооперативин Кыргызстанга эле эмес дүйнө жүзүнө жайылтуу. 

-- Лицензия, документтер тууралуу да уксак?

-- Документтердин баары жайында. Минюстан өткөнбүз. “Халал” сертификатын алганбыз. Эч кандай коркунуч жок, таза, шарияттын негизинде иш жүргүзүп жаткан кооператив.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер