Дүйшөн Чомоев, элдик дарыгер: “Тамыр кармоону көрүнгөн эле киши үйрөнүп ала албайт”


-- Дүйшөн байке, дарыгерлик касиет ата-бабалардан өтөт деп айтышат. Сиздин тукумуңузда да табыптар болгонбу?
-- Таятам менен апам табыпчылык кылышчу. Мен төртпү, бешпи жашта болсом керек эле, жаздын күнү Кемпир-Жайлоодо балдар менен ойноп отурсак, айгырдан качкан бир байтал келип мени уруп кетет. Башка балдардын баары качып кетсе, мен коргондолгон ташымды коргоп, алдын тосуп туруп албаймынбы. Байтал ургандан кийин айгыр башымды тебелеп кетиптир. Мен эстен танып жатып калам, элдин баары “өлдү” дешет. Ошондо апам ыраматылык адегенде башымды табылгы менен тазалап, жаңы союлуп, ийрилген эчкинин ичегиси менен өйдө тартып, шакшактаган экен. Арадан он беш, жыйырма күн өткөндөн кийин адегенде бир жибин, бир жумадан кийин экинчисин сууруйт. Үчүнчүсүн сууруганда кайра эстен танып калыптырмын. Менин түшүнүгүм боюнча, ошол акыркы жип мээнин кан тамырларына тийип, жабышып калган болсо керек. Дагы бир ай дарылаган экен. Тамак иче албайм да, бир айга чейин эмчегинин сүтүн саап, оозума тамчылатып туруптур. Көп өтпөй таякем апамды “менин ордума кыркынга барып кел” деп Суусамырга айдап ийет. Бой аял да. Мен болсо жайлоодо калам. Бир күнү тажеңем “уй эмип атат, айдап кел” дейт. Мен кызыл куурайдан жулуп алып чапсам, уй тээп ийип, жардан учуп түшүп бутум сынып калып атпайбы. Таякем бир кишиге шакшактаттырып койгон экен, ал кыйшык бүтүп калыптыр. Апам келген соң кайра сындырып, түзөп айыктырган.
-- А өзүңүз качантан бери дарыгерлик кыла баштадыңыз?
-- 1989-жылы Оморбай Нарбеков “элдик табыптарды, көзү ачыктарды чогултабыз” деп жарыя берип калды. Бир күнү мен да келдим. Апам кайтыш болуп, Суусамырда тракторчулардын бригадири болуп иштечүмүн. Бишкекте атайын элдик медицина борбору ачылган экен. Ошол жерде иштеп калдым. Он чакты чөптү билчүмүн. Сыныктын, канды токтоткондун дарысын сурадым, эч ким билбейт. Бир жылдан кийин ВДНХга кытайлар келип калды. Аларга ишке кирдим. Даяр чөптөрдү иреттеп, ылгачубуз. Аларда бака-сака, жылан-пыланы аралаш экен. Эмне чөп экенин да анык билишпейт. “Кой, өзүм эле талаага барып, чөп издейин” дедим. Таластын Сары-Үңкүр деген жерине барып, иштей баштадым. Жазуучу Жакып Медетов бизди ээрчитип жүрдү. Бир күнү бир бала колун чалгы менен кесип алыптыр. Ага чейин казтаңдайды дары деп уккан болчумун. Чайнап-чайнап туруп, колуна коюп таңып салдым. Улам алып, жаңыртып таңып коём. Он күнгө жетпей бүтүп калбадыбы. “Аа, кан токтотуп, терини бүтүрүүчү дарыны таптым” дедим. Аны тапканча 300дөй чөптү изилдеп, билип калдым. Апам “кан токтотуучу, терини бүтүрүүчү, сөөктү бүтүрүүчү чөптөр” деп айтчу, бирок унутуп калгам да. Өзүм алты жашта болсом, кайдан эсте калат? Биринчини тапкан соң сыныктыкын издей баштадым. “Өрмө кара дары” деп айтышты. “Тоодо өсөт” дешкенинен Чаткалга бардым. Бир мергенчи Чаткалдын бир ашуусун айтып, “ошол жерде болсо керек” деди. Бир чабанды ээрчитип алып, ат менен кырга чыктык. Андан ары аттар жүрө албай, жөө бастык. Акыры өрмө караны таап, алып келсем, ал сыныкка анчалык деле жардам бербейт экен. Дагы бир байбиче “кара барпы сыныкка дары” дегенинен Чаткалдын жайлоосундагы капчыгайга, калың таштардын арасына барсак, ал кадимки эле уу коргошун болуп чыкты. Сегиз мүшөк терип келдик. Чоң казанга май салып, уу коргошунду майда туурап кайнаттык. Капкара болуп калат экен. Сегиз мүшөктөн бир чакадай эле чыкты. Ички жараларга, сөөк ооруларга жакшы экен. Бирок, сыныкка ал деле жакшы жардам бербей койду. Ага чейин 800дөй чөптү изилдеп койдум. Улам апамды эстейм. Мени отургузуп коюп, өзү бирдеке кыла берчү. “Караган, караган” дегени эсимде. Ошон үчүн атайын жөө бардым. Жумгалдын Сары-Булуңунда чоң капчыгай бар болчу. Апам менен барганда чоң суу агып турчу. Апам мени көтөрүп өтчү. Кийин өзүм барсам, кичине жылжыган эле суу агып атат. Бөрү карагат чытырман токой болуп өсүп туруптур. Бирок, караганы кайсы экенин билбейм. Таппай кайра келатсам, бир киши токтоп калды. Ким экенимди, кайдан келгенимди сурап, анан Сайракүлдүн баласы экенимди укканда машинасын токтотуп эле кучактап калды. Көрсө, менин таякелерим, таенемдин иниси экен. Үйүнө алып барып, кой союп, элдин баарын чакырса болобу! Ошентип, таякелерим менен кайра таанышып калдым. Кийинчерээк Жумгалдан бир киши келди. Таякелеримен угуп, атайын тамыр карматканы келиптир. “Сен да бөрү карагат колдоносуңбу?” дейт. “Ооба, боорго, жүрөк ооруга колдоном” десем, “апаң менин атамдын бутун бөрү карагат менен дарылаган” деди. “Бөрү карагаттын сырткы кабыгын сыйрып салып, өзөгүнүн ортосунда бир пленка болот, ошону кайнатып, бутка клей кылып жабыштырчу” деди. Караган кай жерде өсөрүн сурасам, “Сары-Булуңдун коктусу бүт эле караган да” дейт. “Мен барып, таппай келбедимби” деп аябай таңкалдым. Көрсө, ошол бөрү карагат экен да. “Кокуй” деп “Нивамды” айдап алып бардым. Мурда барганда суу араң жылжып агып атпады беле, шаркыраган чоң суу экен да, араң өтпөдүмбү. Кайра суу пайда болуп калыптыр. Бир мүшөктөй казып келдим. Сыныктын дарысын ошентип тапкам.
-- Жалпысынан канча чөп менен иштейсиз?
-- Пайдаланганым жүз элүүдөй го. Бирок, жети жүздөй чөптү изилдедим. Үч ай: май, июнь, июль иштебей эле тоого кетчүмүн. Токтогулдун Сары-Камышына, Чаткалга, Суусамырга, Барскоондун башына. Азыр эми балдарым терип келишет.
-- Медициналык билим алгансызбы?
-- Оморбай Нарбеков бир күнү “сырттан болсо да окуп кой” деди (ал киши мага устат катары көп жакшылык кылды, өмүрү өткүчө жардам берип жүрдү). Окууга тапшырып, бирок эчтеке түшүнбөй, таштап салдым. Окуп койсом болмок экен...
-- Ошондо эч кандай билимиңиз жокпу?
-- Мен тапшырбаган окуу жайы калган эмес. Кара-Балтадагы медициналык окуу жайга тапшырып, жарым-жартылай окуганда жана айтканымдай, “орусча экен” деп таштап салгам. Андан кийин айыл чарба техникумуна кирип, “мындан көрө тракторчулугум жакшы экен” деп дагы кетип калгам. Чынын айтканда, кыйналдым, мектепти деле жөндөп бүткөн эмесмин да. Табигый жөндөм-шыгым менен эле иштеп жүрөм.
-- Сиз тамыр да кармайсызбы?
-- Ооба. Тамыр кармоо деген өзү эмне? Мүнөз (адамдын табынын ысык-суукка бөлүнүүсү) аркылуу адамдын табынын ысылы-суугун айырмалап, кандын согуу ыргагын бакылап отуруп, ошого жараша ноокастын эмнеден ооруганын тактоо. Дал ушул тамыр кармоо менен кан тамырынын кандай ыргакта кагуусун аныктап алган соң, анын илдетинин пайда болуу себеби аныкталат. Ошондон кийин гана бейтаптын илдетин айыктыруу үчүн дары чөптөр, алардан жасалган дары-дармектер колдонула баштайт. Табиятта адам баласынан тартып жан-жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөргө чейин эркек-уургаачы болуп эки чоң топко бөлүнөт. Эркек дегени – ысык. Ургаачы дегени – суук. Тамыр кармоону көрүнгөн эле киши үйрөнүп ала албайт. Укум-тукумдагы кандан, же өзүнүн дээринде жаралган тубаса сезим менен гана тамырчы боло алат. Адам баласынын тамыры мүнөт сайын өзгөрүлөт. А тубаса тамыр өзгөрүлбөйт. Ушуну сезген адам гана нукура тамырчы.
"Азия Ньюс" гезити











