Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыздаган Ли Химан... Бизнеси боюнча Рахат Жунушбаева эмне үчүн чындыкты айтпайт?

Сыздаган Ли Химан... Бизнеси боюнча Рахат Жунушбаева эмне үчүн чындыкты айтпайт?

12-октябрь, 15:57
1 798 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурда да мандат үчүн чуркаган Рахат Жунушбаева кайрадан №28 округдан талапкерлигин көрсөттү. Буга чейин кылган иштерин блогерлерге жарнамалатып жүрчү. Азыр бирөөнү бекер мактай турган заманбы? Ал жагы түшүнүктүү. Эмесе, биз олуттуу суроолорду жолдойлу. 

Эске салсак, Рахат Жунушбаевага мурдагы күйөөсү Ли Химан бизнесин тарттырып жибергенин маал-маалы менен жазып чыгып, тийешелүү органдардан жардам сурап жүргөнүн кайда жашырабыз? Бул боюнча интернет айдыңында чуулгандуу көп материалдар бар. Ли Химан дээрлик кымбат баалуу үй мүлктөрүн, жер, компаниясынан ажырап калганын кошумчалаган эле го? Рахат Жунушбаева алдамчылык жолу менен ченебеген байлыкка марып, бүгүн өзүн бизнес-леди катары көрсөтүп жүрөбү? Шайлоо астында жок дегенде ак менен караны ажыратууга кез келдиби? Ли Химан Кыргызстанга инвестиция салган бизнесмен болсо, анан бүтүндөй байлыгын алдырып жиберсе, акыйкатка жетпей арызданып келсе, аягы кандай тамамдалат? Өлкөнүн имиджине сөз тийбейби? Буга чейин Рахат Жунушбаеванын президент менен түшкөн сүрөтүн чыгарып алышып, чоң талкуу жаратышкан. Бул жерден Садыр Жапаровго да сөз тийип жатпайбы! Мындай көрүнүшкө жол берилбеши керек эле. 

Ток этерине келсек, Ли Химан менен Рахат Жунушбаеванын ортосундагы жаңжалдын аягына чекит коюлабы? Антпесе инвесторду алдап, тоноп алгандай кеп кеткенине кандай баа беребиз? Негизи талапкер таза, элге үлгү болушу шарт, тилекке каршы, чоң шайлоонун астында артындагы чуулгандары чыгып отурса, көпчүлүк эмне дейт? Акыры Рахат Жунушбаева бизнеси боюнча чындыкты айта алабы? Мындай суроолор шайлоо күнүнө чейин далай ирет берилсе керек. Анан эл баа берет.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер