Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Өздөрүн таркаткан депутаттар кайра шайланууга моралдык укуктары жок”


-- Мавлян мырза, өкмөт өнүгүү жолунда экенин айтып, триллиондордон кеп кылууда. Ал эми карапайым калк кымбатчылыктан каржалып, кыйын жашоодо экени жалганбы?
-- Негизи өкмөттүн отчетунда кыргыз эли жылдан-жылга байып эле баратат. А эл ошону сезип жатабы? Бир мисал келтирейин, түркмөн казынасы биздикинен 7 эсе көп, мамлекети бай, бирок эли өтө жакыр. Демек, цифралар менен баюу эмес, реалдуу экономиканы көтөрүү, элдин бай жашоосуна шарт түзүү зарыл. Ички инвестор, ишкерлерди көздүн карегиндей сактоо керек эле, бирок бизде улам бири “кусуп”, башкасы мамлекеттен качып чыгып кеткенин көрүп жатабыз. Ички инвесторлорго кепилдик, шарт болбосо четтен инвестор келбейт, аны өкмөт жакында өзү моюндады. Экономикада радикалдуу реформа болбосо, инфляция күчөп, элдин жашоо шарты кескин начарлайт. Биз айтып жаткан конструктивдүү сунуштар тилекке каршы угулбай калууда.
-- Эмнеге парламент өзүн өзү таркатууга мажбур болду? Булардын миссиясы бүттүбү?
-- Бизде тескери селекция процесси орун алып, Жогорку Кеңешке уламдан-улам начар адамдардын келүүсү шартталып калды. Конкреттүү фактылар: 7-чакырылыштагы депутаттардын жыйырмадан ашууну түркүн себептер менен парламенттен кетирилди, орчундуу маселелерге бир да реакция болбоду, төрага жазында эле «парламент тарабайт, аягына чейин иштейт» деди эле. Бүгүн өзүн өзү таркатуу демилгесин көтөргөндөрдү колдоду.
-- Өзүн өзү таркатууга макулдук берген депутаттардын кайра шайланууга укугу барбы?
-- Өздөрүн таркаткан, ошого түз макулдук берген депутаттар кайра шайланууга моралдык укуктары жок, негизи мындай норма мыйзамда да каралышы керек эле. Бул депутаттардын чабалдыгынан элдин жүз миллиондогон акчасы шайлоолорго улам сапырылууда. Маанилүүсү, эл алдамчы, популист, коркок, конъюнктурага ылайыкташкан кошоматчыларды аңдап билип, шайлоодо “биздин уулду” эмес татыктууларды шайласа болот эле.
"Азия Ньюс" гезити











