“Жасалма диплом алган мамлекеттик кызматкерлерди коомчулукка жарыя кылуу зарыл”


Текшерүү уланган сайын жасалма дипломдордун ээлери да жайнап чыкты. Бул акыбал айласыз 30 жылдан бери түптөлгөн жашообуздун жыйынтыгын, кадрларыбыздын чыныгы кебетесин көрсөтүп жатат. Текшерилип жаткандардын арасында ЖК депутаттары, министр, мэр, президенттин облустагы өкүлү да бар. Тизме дагы улана берчүдөй...

Асылбек Жоодонбек, билим берүү боюнча эксперт:
-- Жасалма диплом менен жүрүүнүн өзү жаза, оор жүк, чыңалуу. Өзгөчө мамлекеттик кызматтагыларды коомчулукка жарыя кылуу зарыл. Эл билсин.

Жыргалбек Касаболотов, журналист:
-- Негизи, жасалма дипломдуулар жазаланышы керек. Андай дипломду алгандар да, бергендер да жазаланууга тийиш. Бир гана айта кете турган нерсе, бул массалык көрүнүш болуп кеткендиктен, аны чоң кызматтагы адамдардын дипломун текшерип, жасалмаларын жокко чыгаруудан башташ керек. Ошондо гана ишеним пайда болот.

Айбек Шамшыкеев, журналист:
-- УКМК, башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдары мына ошолорду тыкыр иликтеп-жиликтеши зарыл. Иликтеп да атышат. Бирок болгон маалыматтарды элге жарыя кылбай, алчусун алып, жең ичинде бүтүрүп да жатышы толук мүмкүн. Кези келсе, андай кыңыр иштер деле ачыкка чыгат. Туура, мугалимдер, врачтар ж.б. адистердин да дипломдору текшерилсин. Бирок эл башкарып жүргөн эрендердин дипломдору кынтыксыз, кылмышсыз текшерилсин! Жасалма дипломдууларды "жабылуу аяк, жабылуу бойдон калсын" кылбай, ачык жарыялагыла. Кудай төбөңөрдөн, эл так маңдайыңардан карап турат! Жооп берчү учур сөзсүз келет...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











