Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат

Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат

29-февраль, 16:08
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жылдын 1-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалды.

Бул чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилүүдө. Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын баардыгы карантинге алынды. 

Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликке үндөп, ден соолукка, коопсуздукка жана жарандардын бакубатчылыгына олуттуу коркунучтарды алып келген аракеттерге барбоого чакырат. 

Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуш кылат жана өздүк гигиенаны сактоонун зарылдыгын эскертет. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер