Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШда 2 жашар наристе үй-бүлөсүн азаптуу өлүмдөн сактап калды

АКШда 2 жашар наристе үй-бүлөсүн азаптуу өлүмдөн сактап калды

01-февраль, 12:03
1 100 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШнын Техас штатында эки жашар наристе үй-бүлөсүн азаптуу өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Техас штатында 14-январдан 15-январга караган түнү үй өрттөнүп, өрттү 2 жашар бала гана байкаган.

Окуя тууралуу баланын ата-энеси айтып беришкен. Алардын айтымында, 14-январдан 15-январга караган түнү алар беш баласы менен уктап жаткан. Ошол учурда алардын үйүнөн өрт чыккан. Бирок алар коронавирус илдети менен ооруп жаткандыктан, жыт сезүү сезими жоголуп, түтүндү сезишкен эмес. Таңкы саат 4:30дар чамасында жубайлардын уктоочу бөлмөсүнө 2 жашар баласы кирип, апасын ойготуп, “ысык деген. Ошондо аял дароо ордунан туруп, күйүп жаткан жалынды көрүп күйөөсүн ойготуп, беш баласын сыртка алып чыгып кетишкен. Бактыга жараша, үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким жаракат алган эмес.

Ал эми өрттүн кесепетинен турак үй жана 2 унаа толугу менен өрттөнүп кеткендиги жазылат маалыматта.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер