Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уланбек Качибеков: “Айыл чарба министрлигине барсаң, жалаң калптарды гана айтышат”

Уланбек Качибеков: “Айыл чарба министрлигине барсаң, жалаң калптарды гана айтышат”

11-январь, 13:19
959 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешим айыл чарба илиминин кандидаты, доцент. Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун илимий иштерди өндүрүшкө жайылтуу жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси катары да эмгектенет.

-- Уланбек ага, азык-түлүк продуктуларынын канчасы сырттан келет, канчасын биз өндүрөбүз? 

-- Мындай маалыматтарды толугу менен так санда айтыш кыйын. Бирок картошка, бал, кургатылган жемиштер жана малдын (кой, уй, жылкы) эттерин өзүбүз өндүрөбүз. Калган азык-түлүк толугу менен сырттан келет. Жашылча-жемиштерди деле өзүбүз өндүрөбүз, бирок аз санда, алар деле сырттан агылат, өзгөчө күз, кыш, жаз мезгилинде. 

-- Картошка менен дан эгиндерин өндүрүүдө биздин дыйкандарга өкмөт кандай жардам берет?

-- Картошка менен дан эгиндерин өстүрүүдө мамлекет дыйкандарга эч деле жардам бербейт, үрөндөн башка. Негизи фермердик кыймыл, өзгөчө талаачылык боюнча бизде өнүккөн жана калыптанган эмес. Ага көп себептер бар. Биринчиден, жердин тартыштыгы. Экинчиден, механизация жагынан тейлөө жагы (МТС, техсервистин жоктугу). Үчүнчүдөн, үрөнчүлүк чарбалардын талкаланышы, минералдык жана органикалык жер семирткичтердин жоктугу жана тартыштыгы. Айта берсе, айыл чарбасында көйгөйлөр толтура. Алар бир-эки жылда чечилбей, тескерисинче, убакыт өткөн сайын топтоло берет, күчөйт жана терс таасирин көргөзө баштайт. 

-- Бизде айыл чарбасында жер кыртышы кандай абалда?

-- “Башкасын коюп Манасты айт” дегендей, айыл чарбасынын башында турган негизги фактор бул – жер кыртышы, топурак, орусча почва. 30 жылдан бери топурак эмне болуп жатканын, кандайча өзгөрүлгөнүн, структурасы эмне болгонун эч ким айтып бере албайт. Себеби, Кыргызстанда болгон баардык агрохимлабораториялар, илим изилдөө институттар түбү менен талкаланган, анын ичинде Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту баш болуп. Менин өзүмдүн негизги кесибим почвоведение. Москадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясынын агрохимия-почвоведение факультетин бүтүргөм. Кандидаттыгымды Алматыдан жактагам, докторлук темам илгери эле бекилип, даяр бойдон турат.

-- Айыл чарба министрлигине жогорудагыдай суроолорду берсең, “баары майкөл-сүткөл. Жыргап жатабыз” дешет...

-- Айыл чарба министрлигине барсаң, жалаң калптарды гана айтышат. Себеби, жер-жерлерде, айыл өкмөттөрүндө министрликке караштуу бир дагы адистери жок. Бир дагы метр жер, бир дагы малдын башы айыл чарба министрлигине караштуу эмес. Жөн эле кабинеттерде отурушуп, статданныйлар менен сүйлөй беришет. Айыл чарба министрлигине караштуу департаменттерден маалымат чогултушат. Эгемендүүлүк болгондон баштап, 7 министрдин жардамчы-кеңешчиси болуп иштегем, “кухнясын” жакшы билем!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер