Чоң долбоорлор идея жана ишеним менен гана өсөт


Мен 2019-2020-жылдардан бери криптовалюта чөйрөсүнө аралашып, көптөгөн биржаларда иштеп келем. Менде ушул тапта өзүмдүн капчыгымда бир канча дүйнөлүк криптовалюталар бар жана ошонун арасында МСN Коин токени да бар.
Азыр ушул тапта көпчүлүктү кызыктырып жаткан суроо: эмне үчүн МСN Коиндин негиздөөчүлөрү шулуундукка шектелип камалып турса дагы, токендин баасы өсүүдө? Айрым эксперттер “МСN Коин жакында жок болот” деген да прогноздорду айтты эле. Чыныгы абалды түшүнүш үчүн бир нерсени так айтыш керек: МСN Coin – бул бир эле адамдын эмес, эл аралык чоң коомчулуктун долбоору. Элдин ишеними бул жаңы гибриддик блокчейн BIR жана криптовалюта BIR Coin.
Жакын арада МСN Coin BIR Coin криптовалютасына айланат, ар бир MCN Coin токенине бир BIR Coin берилет жана ушул кыйын күндөрдө токендерин сатпай, ишеним көрсөткөндөрү үчүн кошумча дагы бир BIR Coin кошулат, демек, бир MCN Coin токенине эки BIR Coin криптовалютасы берилет, бул колдонуучулар үчүн чоң пайда. BIR Coin криптовалютасынын башкалардан өзгөчөлүгү – бул баасы стабилдүү өсүп туруучу криптовалюта болот. Эмненин негизинде өсөрүн компания азырынча сыр кылып ачыктай элек. Өзүңүздөр билгендей, MCN Coin токенинин баасы тарыхый максимум – 20 долларга өскөн, демек, ошол баага жетет деген ниеттебиз. Азыр баасынын көтөрүлүп баратканынын дагы бир себеби, Россия, Казакстан, Кытай, Түркия, Индия, Грузия, Сауд Арабия, Малайзия жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары, трейдерлери ала баштады, демек, токенди бир гана Кыргызстан эмес, дүйнө элдери ишеним көрсөтүүдө.
Келечекте MCN Coin долбоорунун негизги максаты – жасалма интеллект (AI) аркылуу жалпы MCN комьюнитиге туура аналитика сунуштап, блокчейн тармагында терең билим берип, элдин крипто боюнча билим деңгээлин жогорулатуу. Башкача айтканда, МСN – бул элге окутуучу, түшүндүрүүчү, колдонуучу платформа.
МСN Coin азыр толук децентрализацияланган. Негиздөөчүлөр болобу же жокпу, долбоорду эми элдин колу алып жүрүп жатат. Бул расмий түрдө BscScan’да текшерүүдөн өткөн токен. Бул деген – ар бир транзакция, ар бир кыймыл көзөмөлдө көрүнүп турат деген сөз. Ачык-айкын иштөөдө.
Бүгүнкү күндө:
· 2 миллионго жакын адам MCN Coin’ду кармап жатат;
· Монета дүйнөлүк ТОП биржаларда сатылууда;
· MEXC (TOP-7);
· LBank (TOP-17);
· Күндүк соода көлөмү 1,5-2 миллион доллардын тегереги;
· Капитализациясы 9 миллион доллардан ашты.
Мындан тышкары:
· Монета CoinMarketCap жана CoinGecko сайттарында расмий катталган. Бул дүйнөлүк таанылуу дегенди билдирет.
· Аны Trust Wallet жана MetaMask сыяктуу чоң капчыктарда сактоого болот. Мындай деңгээлге жетиш өтө оор, бул МСN’дин ишенимдүү экенин көрсөтүүдө.
· Эл P2P платформаларда күн сайын МСN менен соода кылууда, о.э. анын чыныгы колдонууда экенин дагы бир жолу далилдейт.
Ал эми «жок болот» деген сөздөр көбүнчө интернеттеги туура эмес маалыматтан улам чыккан. Кыргызстанда крипто темасы али жакшы өнүгө элек, ошондуктан туура эмес түшүнүктөр көп кездешет.
Баанын көтөрүлүшү – бул ишенимдин, жаңылыктардын жана соода активдүүлүгүнүн натыйжасы. Бул базар сыяктуу эле: суроо бар болсо, баа өсөт.
Кыскача айтканда:
МСN Coin – азыр эл аралык билим берүүчү, AI аркылуу башкарылган, децентрализованный долбоор. Эл колдоп, рынок жооп берүүдө. Бул кадимки цифралар, фактылар менен далилденген реалдуулук. Ал эми ушактар убактылуу. Бирок чоң долбоорлор идея жана ишеним менен гана өсөт.
Жакынкы күндөрдө дагы бир ири биржага – BINGX’ке листинг күтүлүүдө. Бул эл аралык биржалар MCN’ди келечектүү долбоор катары таанып жатышат дегенди билдирет.

Адилет Жумакадыров, криптовалюта боюнча трейдер жана эксперт
"Азия Ньюс" гезити











