Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Үй-бүлөлүү адам колумду сурады, кандай кадамга барам?
Үй-бүлөлүү адам колумду сурады, кандай кадамга барам?
30-март, 12:08
2 886 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен сиздердин оюңуздарды билгим келип жатат. Жашым 25те, жакшы жумушта иштейм. Маянам жакшы. Бирок турмушка чыгууга жолум болбой жүрөт. Жакынкы күндөрү бир окуяга дуушар болдум.
Чогуу иштеген, төрт баласы бар, менден он жаш улуу адам артымдан калбай келет. Ал киши мага деле жагат, бирок үй-бүлөлүү. Үй-бүлөсүн бузгум келбейт. Ал адам үчүн жумушумду да таштап кетким келбейт. Кызыктай абалга дуушар болдум. “Үй-бүлөм менен ажырашам, сен эле макул болсоң болду” дейт. Эми кандай кадамга барсам?
Айка