Бектур Асанов: “Авторитаризм режимине өтүүгө кам урганыбыз – менин жүрөгүмдү өйүтөт”
-- Бектур мырза, бүгүнкү күндө сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн кандай маселе бар?
-- Жакшыбы-жаманбы, биз көз карандысыз мамлекетке жеткенибизге 30 жыл болду. Бир муундун өкүлү алмашты да. “Биз канчалык коррупцияга баттык, кайсы бир кошуна мамлекеттен артта калдык” деген менен, эбегейсиз чоң жетишкендиктер бар. Патриоттук сезимдин калыптануусу, адамдын өзүн-өзү таануусу, мамлекеттүүлүк деген түшүнүктүн ар бир адамдын жүрөгүнө сиңгени. Кыргызстан биздин Орто Азия же КМШ өлкөлөрүнүн арасында аң-сезимдин өнүгүүсү боюнча алдыга озуп чыккандардын сап башында экени айтпасак да түшүнүктүү эле. Тилекке каршы, акыркы жылдары быт-чытын чыгарып баратканыбыз, Кыргызстан бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдү кубалап, авторитаризм режимине өтүүгө кам урганыбыз – менин жүрөгүмдү өйүтөт. Биз үчүн бул эң чоң көйгөй. Өзгөчө кыргыз эли эркин, тең укуктуу, демократиялуу өлкө болмоюнча алдыга өсүп-өнүгүп кетүү кыйынга турат.
-- Кыргыздар дүйнөнү эмнеси менен таңкалтырса болот?
-- Таңкалтыра турган жактарыбыз көп. Ансыз деле кыргыздарды дүйнөлүк коомчулук демократия, адам укугу, өзүн-өзү сыйлай алган, улуттун иденттүүлүгүн аңдай алган, кадыр-барктуу эл катары тааныйт. Бул жагдай коңшу өлкөлөрүбүзгө салыштырмалуу бир тепкич өйдө турарыбызды башка элдер таңкалуу, суктануу менен баалашат. Биз эмне менен дагы дүйнөнү суктандыра алабыз? Мамлекетти коррупциядан арылтып, цивилдүү өлкө куруп, акыркы убакта спорттогу жетишкендиктерибизди токтотпой, андан ары да жылдырып, Парижде өтө турган олимпиада оюндарында чемпиондорду жарата алсак жана маданият тармагындагы алдыга жылган ийгиликтерибиз токтобосо, дүйнө эли таңкалат. Мындан сырткары, мамлекеттин ээси эгемен эл экенин ааламга даңазалай алсак, андан бетер сонун болмок.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити