Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аралбек Абдырасулов: “Жеке ишкерлигимди кеңейткенге “Кепилдик” фонддун жардамы тийди”

Аралбек Абдырасулов: “Жеке ишкерлигимди кеңейткенге “Кепилдик” фонддун жардамы тийди”

07-февраль, 18:30
1 261 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аралбек мырза Маевка айылында 15 сотых жерге 400 кой кармап, аны семиртип, кайра элге сатат. Кыргызга мындай ишкерлик майдай жагат эмеспи. Алгач айылында мал короосуна 4-5 кой алып, аны семиртип сатып баштап, азыр 400дөй койду кармап, тапкан кирешесин ишкерликке кеңейтип аткан экен. Мындай ийгиликке жетүү жагын сураштырып, жообун алдык.

-- Аралбек мырза, койду алып, аны семиртип, эттендирип, кайта сатуу жагын өздөштүрүп келесиң. Бул ой кайдан келди?

-- Айылда чоңойдук. 5-6 чобур койду алып, жем-чөбүн жакшылап берип, эттенгенден кийин кайра эки эсе баада сата коймой жагым бар эле. Кийин шаарга келгенде бул жагы калып кеткен. Жакында мал кармаганга шартым болуп, кайрадан бул ишти улантып баштадым. 

-- Учурда корооңдо канча баш кой бар, канчадан төл алып, канча күн семиртип, кайра качан, канчадан сатасың, киреше канча түшөт?

-- Учурда 400 баш кой бар. Иштөө тартибимиди жолго салып, ар бир айда 100-150 козуну, тирүү салмагы 30-35 килограммдыкты 3500-4000 сомдон сатып алам. Эки айдын ичинде семиртип, кайра 5500-6000 сомдон сатам. Миң сому жем-чөбүнө кетсе, миң сом таза киреше чыгат. Быйыл 1200 койду алып саттым. Мындан тышкары майда-чүйдөлөрү да бар.

-- Ишкерликтин түйшүгү, жумушу оор эле болсо керек?

-- Ансыз болбойт. 400 койду уулум экөөбүз эле багабыз. Кошумча жумуш алыш үчүн кошумча жер керек. Мал короону бир жылда бир тазалап, көң кылып, аны да сатабыз. Кошумча киреше. Азырынча 15 сотых жерге мал короо курганбыз. Ар бир демалыш күнү мал базарга чыгам. Семирген 100-150  койлорумду сатып, ал  малдын башын толукташ үчүн кайрадан ошончо мал алам. Басымдуу бөлүгүн жеринде, калганын мени билгендер үйгө жеткирип беришет. Үч маал чөп берип, бир маал сугарып, артынан экструдированный жем жешет. 

-- Токтоп туруңуз, “экструдированный” дегенди чечмелеп бериңиз?

-- Атайын аппарат бар, “экструдент” деген. Бир мүшөктөн арпа, буудай, жүгөрүлөрдү тең өлчөмдө ошол аппаратка салганда, попкорнго окшогон жем чыгарат. Короодогу койлорума кошумча тоют катары бир маал, суу ичкенден кийин берилет. Анын да өз өлчөмү бар. Жаңыдан апкелгенде бир кочуш (20 грамм), анан көбөйтүп, нормага – 300 граммга жеткирем. 

-- Жем чыгарган аппарат өзүңүздө барбы?

-- Ал болбосо малды семирте албайсың. Саатына 60 килограмм тоют чыгарып турат. Эми ушул аппараттын чоңун алсам деп, акчам жетпей жаткан. Банктарга кайрылсам, күрөөгө коё турган чарбам жетишсиз болуп, ушу кезге чейин кыйналып жүрдүм эле. Бир жолу сиздердин гезиттен “Кепилдик” фонддун ишкерлерге жардамы тууралуу окуп калып, ага кайрылсам, чарбамды, кылып аткан ишимди кылдат карап көрүшүп, банктан ала турган кредиттин маселесин чечип беришти. Анүстүнө үстөк пайызы да ынанымдуу болду. Аппаратты сурап атпайсызбы, 1 млн. 200 миң сомдун тегереги экен. Жакында эле ошол эле “Кепилдик” фонддун жардамы менен 3 млн. сом кредит беришип, анын 2 млн. сомун арпа, буудай, жүгөрүгө, 1 млн. сомун аппаратка жумшадым. Чоң экструдентке буюртма кылып койдум. Кудай кааласа, февраль айынын аягына жетпей келип калат. Эски аппаратым өзүмө жетмек, экструдированный тоютка талап көп болуп атканга байланыштуу атайын чоң, кубаттуу аппарат алып атам. Бул бир саатта 500 килограмм даяр тоют чыгарат. Эгер колума тийип калса, келечекте бизнесимди кеңейткенге, мага окшоп мал семиртип сата турган ишкерлерге жакшы болмок. Анткени аларга колкабыш кылуу, экструдированный жем менен камсыз кылуу жагын ойлоп атам.          


Сурат Жылкычиев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер