Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Жумабековдун үй-бүлөсүн бакыт байырлаганда. Сыры эмнеде?

Сабыр Жумабековдун үй-бүлөсүн бакыт байырлаганда. Сыры эмнеде?

01-октябрь, 10:41
1 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акаев заманынан бери Сабыр Жумабеков жолдуу дарыгер катары белгилүү. Амалкөйлүгү, чоңдор менен тил табыша билген дипломаттыгы кыйла өнүккөн. Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков жана Жапаров бийликке келгени жерде калбай, өзү карьералык секирик жасаганы аз келгенсип, бир туугандарын жөлөп-таяп, жогорку жана орто кызматтарга көтөрүп келет. Дастан Жумабековду депутат, кийин спикерликке шайлатты (негизи көптүн бири эле да). Дагы бир инисин Талас ОИИБге, андан Нарын ОИИБге начальник кылды. Мындан сырткары, начальник милиция жана ИИМдин 10-башкармалына орун басар болгон эки иниси бар. Айтор, андан аркысын тизмектей берсек дагы толтура. Бүтүндөй жакын туугандарын буттарына тургузду. Ар тармактан табылат. А баса, Сабыр Жумабековдун уулу УКМКда жооптуу кызматты аркалап келет. Кыскасы, бакыт байырлаган династия бекен? “Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” дегендей, Сабыр мырзанын жол тапкычтыгы өзгөчө тура, бүтүндөй үй-бүлөсүнө жарыгын арнап отурат. Баардык эле дарыгерлер мындай ийгиликке жете алышкан жок да, туурабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер