Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Америкага барууга анчалык деле кызыга бербегилечи!

Америкага барууга анчалык деле кызыга бербегилечи!

05-февраль, 16:13
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Блогер Автандил Жоробеков Америкадагы жашоо жана баалар тууралуу төмөндөгүдөй билдирүүсүн таратты: 

“Туугандар, Америкага көп деле кызыгып, кача бербегиле!

Мисалы: Америкада торт 50-100 доллар. Бизде “Куликовский” фирмасы саат 8ден кийин тортту 200 сомдон сатат, доллар менен эсептегенде ал 3 долларга айланат!

-- Америкада светке төлөбөй койсоң сени камап коёт, же сенден сурабай банктагы акчаңдын баарын электрондук капчыгыңдан тартып алат;

-- эгерде камсыздандырууң болбосо, ооруп калсаң (эгер апендицитиңди алдырсаң), мойнуңа 30 миң доллар илип коёт;

-- тишиңе пломба койдурам десең 100-500 доллар;

-- Amazon же ЕBAYден буюм алсаң, дароо 6-12 % салык кошулат;

-- жакшы университеттин контрагы эле жылына 50 миң доллар. Төрт жылга 200 миң доллар;

-- мырзаларга чач алдырыш үчүн 30-100 долларга чейин төлөйсүз;

-- унаа каратам десең, болбогон минимум 100 доллар;

-- менин “Дордойдо” иштеген агам 5000 сомго патент алып, айына 200 миң сом табат. Америкада болгондо салык үчүн деп 60-80 миң сомго чейин алып коймок;

-- мамлекеттик мектептерде билим берүү бекер, бирок билим сапаты төмөн. Көбү балдарын жеке менчик мектепке бергиси келет. Ага жылына 30 миң доллар төлөнөт;

-- Америкада акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү жокко эсе. Ооруганы тууралуу справка дегенди да билишпейт.   

Эми “алардын айлыгы көп” деп айтасыңар. Айлыгы канча көп болсо, мамлекеттин салыгы да ошончолук көп. Канчалык айлыгы көп болсо да баары бир жетпейт” деп жазган. 


Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер