Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ачуу – душман, акыл – дос”, же журналист Асланбек Сартбаевдин постуна эксперттин пикири

“Ачуу – душман, акыл – дос”, же журналист Асланбек Сартбаевдин постуна эксперттин пикири

24-август, 19:51
1 932 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ашкере улутчулдук кандай зыяндуу болсо, жердешчиликтин, жерге бөлүнүүнүн да ошончо зыяндуулугу бар. “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин Фейсбук баракчасына жазган постуна жазылган комментарийлер коомчулукта агрессия, жерге бөлүнүү маанайын жаратышып, айрымдар ал ката жазылган сөздөрдү атайын бурмалап, жарандардын жердешчилик намысына тийе тургандай кылышып, жазып, жалбырттап, тутанып жаткан отко май чачып жатышканы өкүндүрбөй койбойт. 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашев жөнүндө анын жарандыгы боюнча мурда эле талкуулар болуп келген, бирок анда азыркыдай резонанска ээ болгон эмес. Анын Бишкекке мэрдин милдетин аткаруучу болушунан улам, ага карата айтылган сын пикирлер кургак камыш талаасын өрт чалгандай эле болду, аягы УКМК тарабынан кылмыш ишин козгоо менен бүттү. Ошентсе да, Таалайбек Сарыбашевдин Бишкектеги ишмердиги боюнча ар кандай пикирлер болору анык. Бул контрастуу калаада анын жактоочулары да, сындоочулары да чыгары табигый көрүнүш. Ал Ош шаарында мэр болуп иштеп турганда мындай талкуу болгон да эмес, болмок да эмес... 

Эми соцжеленин колдонуучуларынын арасында чоң талкуу жаратып, “элди түндүк-түштүккө бөлүп жатат” деп авторду каралап, “трайбалист” атка кондурган   текстти карап көрөлү: “Бул итибайдын ошский “ромашкалары” кимге керек? Ушуну кантип чыдап угуп отурушат?” Ушул суроолуу эки сүйлөм журналист Асланбек Сартбаевдин башына кара булут болуп айланды да калды. Суроо жооп алуу үчүн берилерине да эч ким көңүл бурган жок. Анан калса, журналист бул жерде энчилүү атты кичине тамга менен жазып, орфографиялык ката кетирген: “Итибай, Кушубай”, “Итибай, Чотубай” деп айтылат, бул “Эшмат, Ташмат” дегендай эле мисал катары колдонулуп жүргөн “тил алчаак” ысымдар. Демек, журналист мэрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашевди тергөө (каймана, өтмө) маанисинде эле айтып жатат, журналист аны “ит” деп атаган жери жок да, ошондой эле “ит” деген сөз адамдын “жаман көргөндүгүн, жамандыгын билдиргенде, тилдегенде, жекиргенде ж.б., колдонулат”. (“Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” 1-том. Б.2019, 613-б.) Демек, бул сөз автордун субъективдүү мамилесин гана билдирет.  Мында журналист Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашевдин ар-намысына, кадыр-баркына тийе турган мааниде сөз айткан эмес. “Ошский ромашкалары” деген сөз айкашы, бул жерде Т.Сарыбашевдин Ош шаарында мэр болуп тургандагы ишмердүүлүгү тууралуу конкреттүү сөз болуп жатпайбы. Болгону ал өтмө мааниде метафора аркылуу айтылган. Негизги “айып” да ушул сөз айкашы үчүн коюлуп жатат. Кыргызстандын мыйзамдарында “оштук”, “нарындык”, “таластык” деп жазууга, же айтууга тыюу салып, табу коюлган эмес,   демек, кимдир бирөөнүн жерин атоо бул элди бөлүп-жаруу (!) дегенди түшүндүрбөйт, анан калса, түндүк-түштүк деп бөлүп-жаруу маанини билдирбейт, аймактарга бөлүп, трайбалисттик сезимди козутууга жатпайт. А.Сартбаевге каршы пикир айткандардын кыжырданып, ачууга уугуп, “камалсын!”, “жазалансын!”, “кесилсин”, “атылсын” деп кан күсөп, курмандыкты көксөгөн агрессиялык маанайдагы талаптарынан улам, ушинтип чечмелеп түшүндүрүп берүү зарылдыгы жаралып отурат. Журналист “кетирген кемчилигин” мойнуна алып, кечирим да сурады. Анан калса, биз ашыкча, же жаңылыш сөз айткан үчүн сүргүнгө айдап, асып, атып жиберген тиран Сталиндин заманында жашап жаткан жокпуз да. Биз демократиячыл заманда жашап жатабыз, эсиңерге келгиле, урматтуу туугандар, “Ачуу – душман, акыл – дос”!        

“Ушуну кантип чыдап угуп отурушат?” деп журналист мэрдин милдетин аткаруучу Т.Сарыбашевге карата жеке мамилесин билдирип жатат. Текстте жалпы Ош элине карата акаарат келтире турган сөз жок. Андай акаарат сөздү бул тексттен лупа менен издесе да таба албайт! Айрым журналисттер аша чаап, “ошский ромашкалары” деп мэрдин Ош шаарындагы ишмердүүлүгүнө карата айтылган метафоралуу сөздү тескери бурмалап, чымынды төөгө айландырып, жеке инсанга айтылган сөздү жалпы түштүк элине таңуулап, козутуп, айрым бир майда адамдардын жеке кызыкчылыктарына ойноп берип жатышат, балким алардын арасында А.Сартбаевге карата антипатиясы бар адамдар бар болушу да мүмкүн. Мисалы, “Калемпир ТВ” каналынан Рахманов 7-августта бул сөздү каратып туруп эле теңирден тескери бурмалап, “Оштон Бишкекке мэр болуп келсе, аны итибай деп, оштук сарт келиптир деп мыскылдап” деп чечмелеген. Эми бул журналист Кудайды карап калп айтса боло, астагфируллах!. “Оштук сарт” деген сөздү колдонгон кишиге каргыш тийсин! Анын аракеттери Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде каралышы керек. Туура! Тилекке каршы, журналист А.Сартбаевдин текстинде семантикалык жактан андай сөз да, сөз айкашынын изи  да жок. Тескерисинче, комментарий жазгандар аң-сезимдүү түрдө аша чаап, шакардай кайнаган эмоцияларына жеңдирип, бурмалап, ачыктан ачык эле айтпаган сөздү айтты деп жалаа жабууга аракет кылып, түндүк-түштүктү кайраштырып жатышканын өздөрү да билбей калышат окшойт. Коомчулук да муну сергектик менен байкап жатканын айта кетели.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашевдин ишине олдоксон баа берген журналисттин пикирине кастарын тигип, УКМК кылмыш ишин козгойт да, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жаткан ошондой эле постторго эмне үчүн көңүл бурбайт?

Ал эми жогорудагы текстке келе турган болсок, эгер Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашев бул текст “ар-намысыма тийди” деп эсептей турган болсо, сотко арыз менен кайрылса болот, ал жарандык кодекстин 339-340-341-беренелеринин негизинде жарандык иш катары каралышы мүмкүн. Жогорудагы айыпсыз суроолуу сүйлөм боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп жибериши – шашып кеткенден улам болду го? Анткени, бул жарандык кодекстин алкагында карала турган иш. Мэрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашевди “коргош” үчүн Ош элине жамынуунун кажети жок. Ал ата наркын сактаган инсан катары мындай “коргоочуларга” муктаж эмес деп ойлойм. Кандай маселе болбосун мыйзам чегинде адилет, калыс каралышы шарт. Себеби, биз демократиялык өлкөдө жашап жатабыз, соцжеледеги “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген өйдө-төмөн кеткен пикирлер эмнеге мамлекеттик деңгээлде каралышы керек? 

Ал эми бул талкуунун “күнөөкөрү” болгон Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашевдин өз эрки менен кызматтан кетишине көшөгө артынан көп себептер болсо керек...

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты
 “Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер