Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Ырсалиева: “Абанын булганганынан дем алуу органдар жабыркап, тери оорулары көбөйүүдө”

Айгүл Ырсалиева: “Абанын булганганынан дем алуу органдар жабыркап, тери оорулары көбөйүүдө”

16-август, 16:49
2 508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эколог-эксперт менен маек.

-- Учурда дүйнө жүзүндө экологиялык көйгөйлөр өсүп жатат. Анын ичинде Кыргызстандагы эң орчундуу делген көйгөйлөр кайсылар?

-- Бишкек шаарын эле алып көрсөк, автотранспорттон, өнөр жайдан чыккан, ЖЭБдин түтүнү жана таштанды жайынан чыккан түтүн проблемалары өтө көйгөйлүү. Алардын кесепетинен адамдардын дем алуу органдары жабыркап, тери оорулары көбөйүүдө. Учурда мындай чоң проблемаларды чечмек турсун, майда-чүйдө иштер менен отурабыз. Булар өкмөттүн, Жогорку Кеңештин деңгээлинде чечилиши керек. 

-- Мамлекетке эмес, жеке адамдарга карата жаратылышка аяр мамиле жасоо үчүн кандай сунуштамаларды бересиз?

-- Негизи, мамлекеттик идеология болушу керек. Манаста табият менен таттуу мамиледе болуу деген алтын осуят айтылган. Ошону ар бир жаран карманса болот эле. Бизде экологияны экологдор сактайт деген түшүнүктөр бар. Бул туура эмес. Адам экологиялык маданиятын, аң-сезимин өстүрүшү керек. Ал үй-бүлөдөн башталат. Бизде экология тууралуу роликтер, колдонмолор жетиштүү. Ошолорду жайылтуу зарыл. Бизде абал ушундай болсо, өнүккөн өлкөлөрдө экология биринчи орунда турат.


Мээрим Асанова

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер