Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркинбек Мергенбаев: “Соттон акталышыма бир гана президенттин түз кийлигишүүсү зарыл болуп турат”

Эркинбек Мергенбаев: “Соттон акталышыма бир гана президенттин түз кийлигишүүсү зарыл болуп турат”

24-июль, 00:05
2 411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 2014-жылы I эл аралык көчмөндөр оюндары болду. Анын ачылуу жана жабылуу аземи Чолпон-Ата шаарында кыска мөөнөттө курулган ат майданында өттү. Аны курган Эркинбек Мергенбаев бүгүнкү күндө бир нече ирет соттолуп, акыр-аягы президенттин ырайымдуулугу менен түрмөдөн бошотулду. Анткен менен Эркинбек мырза эң ириде ден соолугунан ажырады жана соттон толук кандуу акталды (!) дегенден алыспыз. Кыргыз элинин патриот уулу бүгүнкү күндө эмнеге муктаж, мына ушу жөнүндө төмөндө сөз болмокчу.

-- Эркинбек мырза, жакында эле президенттин ырайымы менен камактан чыктыңыз. Деги эле кыска мөөнөттө Чолпон-Атадагы ат майданын курган адам эмнесинен жазды? Эмнеликтен сизди соттоп түрмөгө отургузушту?

-- Кыскача тарыхын алганда, баары абдан жакшы иш болгон. Жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталган эле. Бир жарым айдын ичинде 250 адам күн-түн дебей иштеп, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын сопсонун кылып бүтүргөнбүз. 2014-жылы 8-сентябрь күнү аны 15 мамлекеттик кызматкерлер эксплуатацияга кабыл алды. 9-сентябрда дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болду. Бир жарым айдын ичинде ушундай ат майданын тургузуу оңойго турган жок. Эки-үч күндөн кийин эле ойдо жок иштер башталып кетти. 171-статья – “Присвоение или растрата вверенного имущества в особо крупном размере” дейт. Мүлк мага таандык эмес. Бул мамлекеттики. Алмаз Касенов өкүлү катары келишим түзүп, болгону курулуштун акысына мага акча төлөп берип атты. Мага эч ким мамлекеттик мүлктү өткөрүп берген жок. Ал жөнүндө баардык тастыкталган документтер бар. Бир жылдай текшеришти. Акырында бул статья болбой, тыянак чыкпай калды. Текшерүүнүн негизинде тескерисинче, мага мамлекет 15 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калды. Бирок, акча салынган, бул боюнча да документ-кагаздар бар. 

-- Сизди ошондо эле түрмөгө отургузуп койгондой болду эле?..

-- Ооба, анан түрмөдөн чыктым. Биринчи сот боюнча “За отсутствием состава преступления” деп акталып чыктым. “Эми болду. Ушу менен бүттү го” десем, жок! Райондук соттун өкүмүн шаардыкы приказ менен жокко чыгарып, мени болбогон жерден 6 жылга кесип салды да, отургузуп койду. 

-- Ошол эле статьябы же башка мененби?

-- “Контрабанда” деген менен. Тигинден чыкпай калды да. Ага “хулиганство” жана “неуплатаны” кошту. Ушу жерден айта кетчү жагдай, андай үч статьяны коюу мыйзамсыз жана мүмкүн эмес. Себеп дегенде, “жок салыкты төлөбөй койду” деп туруп бир жарым миллион сомду иск коюп атат. Мен 2014-жылы жети миң отургучту мамлекетке өткөрүп бергем. Контрабанда менен апкелген эмесмин. Ал жөнүндө сотто тастыктап атам. Ошого карабастан шаардык сот күчкө салып, ишти тыкыр карабай эле: күбөлөрдү чакыруу, документтерди кароо, көптөгөн процедураларды кыйгап өтүп, мени алты жылга киргизип коюшту. Анан 2018-жылы эптеп колония-поселениеге чыктым. Ал да оңой болгон жок. Бир жарым айдан кийин 6 статья менен иш козгошту. Баягы эле 171-статья, ага “подделка”, “покушения”, “мошенничество” ж.б. анан бир жарым жыл тергешти. Тергей турган деле эч нерсеси жок болчу. 32 томдун ичинде ошонун 80 пайызы менин бухгалтерский документтерим. Бүт баарын алып алышкан да. Сотто толугу менен өзүмдүн тастыктаганыма карабай туруп, мамлекеттик кызматта иштеген адамды акташты да, мага алты жарым жыл берип коюшту. Ошентип бул иш боюнча башынан аягына чейин он эки жарым жыл алдым. 

-- Анын канчасын отуруп чыктың?

-- Мурдагы мыйзамга ылайык он жылдан ашык отурдум десем болот. Калган эки жарым жылды президент Садыр Нургожоевичтин ырайымы менен мен эле эмес, көптөгөн күнөөсү жок, тагдырлары сынган адамдар бошотулду. Президентибизге күч-кубат берсин, алкыш айтам, жакшы адам. Өзү да убагында кыйынчылыктарды көрдү. 

-- Азыр эмне менен алексиң, соттолгонуң боюнча толук акталдыңбы же мойнуңда турабы?

-- Ал жактан чыгып, бүгүнкү күндө соттон толугу менен акталуу жагында алдыга жылып, оокат кылайын десем тиягынан, быягынан болбойт, “президент гана чечет, башка эч ким чечпейт” деп атышат. Алар менен кантип күрөшөрүмдү да билбейм. Буга чейин көп аракет кылдым. Кассациялык арызым даяр турат. Бирок, туура жагынан чечилбей калышы мүмкүн, ишенич жок. Убакыт өтүп атат, иштешим керек, бала-бакырамды багайын, эң негизгиси, мамлекет үчүн ак дилимден кызмат кылуу ниетим иш жүзүнө ашпай атат. Бүгүнкү күндө эл шайлаган президентке баардыгыбыз жардам берип, өлкөнү кыйын кезеңден алып чыгып кеткенибиз оң. Мамлекетибиз 30 жылдын ичинде баары кыйрап, система чирип бүтүп калган. Муну президент Садыр Нургожоевич эң сонун билип турат, аны өзү жалгыз оң жолго салып, кыйраганды калыбына келтирүү иши оңойго турбайт, жаңы прогрессивдүү нукка алып кетиш үчүн жалпы элдин жапатырмак киришүүсү замандын талабы. 

-- Бул боюнча эмнеге президенттин өзүнө түзмө-түз кайрылбайсыз?

-- Мен да ошону айтайын деп атам. Президент Садыр Жапаровго кайрылып, мага ошол жагынан жардам берсе, акталып чыксам (!) деген таза ниетим бар. Албетте, алдыда жакшы пландарым да жок эмес. Ошол эле заводдорду калыбына келтирип, иштетип дегендей. Бир топ жерге бардым, кээ бир жетекчиликтерине кайрылып, “мен момуну жасай алам, колумдан келет. Мага жол бергилечи? Ошо жагын кандай чечебиз?” десем, “президент гана чечет, башка эч ким чече албайт” деп мага ачыгын эле айтышты. Бул жерде УПК боюнча эч кандай мыйзам бузуу жок. УК боюнча да негизсиз. Мүмкүн бул жерде президент Садыр Жапаров мырза менин соттук ишимди толук кандуу билбейттир. Жарым саатка жетпеген жолугушуу учурунда болгон чындыкты айтып берет элем. А киши ак жерден жабыркаганымды бат эле түшүнмөк да, менин пайдама тийешелүү тыянак чыгармак. 

-- Мейли, президент менен жолугуп, маселе сиз ойлогондой чечилип, соттон акталдыңыз дейли, ишти эмнеден баштамаксыз?

-- Бул жерде дагы бир нюанс бар. Бүгүнкү күндө мага таандык эсеп-счетторду арест кылып салган. Эч бир иштеп кыймылдай албайм. Чек аранын баары жабык. Кайсы жерге барбайын тоскоолдук болот. Учурда бир заводду (мелжеп койдум) иштетиш үчүн эсеп-счеттордун баары ачылыш керек, таза болуу кажет. Антпесе иш жылбайт. Бизнестин өзгөчөлүгү ушунда. Бул жагдайды да баса белгилегим келет. Өзүңүз билесиз, малекеттик системада активдер деп коёт, учурда өзүн актабай аткан нечендеген ишканалар иштебей, чыгаша алып келгендер бар. Керек болсо завод-фабрика, ишканаларды өзүм курам. Долбоорун тыкыр түзүп, аны толук кандуу ишке киргизгенге мүмкүнчүлүгүм бар. Акылым да, билимим да, тажрыйбам да жетет. Ошо менен алек болуп, эл-жериме ак дилден кызмат кылайын деген оюм жүрөгүмдүн чордонунда турат. 

-- Кечиресиз, завод-фабрика дегенди куруу оңой-олтоң иш эмес да, элестете албай атам, сиз кантип курасыз?

-- Ушу жашка келгиче жашоо-турмуш мени кыйла такшалтты. Мыйзамды да, Кудайды да тааныган адаммын. Өлкөбүзгө керектүү ишканалардын далайын кургам. Албетте, өндүрүш системасы оңой нерсе эмес. Мисалы, курулуш иштери башталганда күн сайын башкы инженер, технолог ж.б. жоопкерчиликтүү адамдарды чакырып, ар бири менен иштин чоо-жайы тууралуу сүйлөшүп, “кайсы жумуш бүттү, кайсынысы калды, алдыда эмнелерди жасоо керек” деп баарын ийне-жибине чейин сураш керек. Ошол эле күнү кечинде тийешелүү адамдардан бир күнкү иштеринен отчет алып, “логистика” деп коёт, баарын сурайм. Алар өз учурунда жөн эле сөз менен эмес, баарын далилдүү кылып айтып, көрсөтүп берет. Ошентип ар бир күнү, ар бир иштин көзүн билген адам менен иштешсе, иш алдыга жылат. Бизде бүгүнкү күндө ар бир жетекчи ушундай метод менен иш алып барса, анда Кыргызстанды бир жылга жетип-жетпеген убакта баардык каатчылыктан сууруп чыгып кетишмек...    

-- Ошондо сиздин учурдагы тагдырыңыз президент Садыр Жапаровго гана байланып турат. Мен туура түшүндүмбү?

-- Ооба, туура түшүндүңүз. Соттон акталышыма жана эсеп-счетторумдун кайрадан ачылышына бир гана президенттин түзмө-түз кийлигишүүсү зарыл болуп турат, башка жол жок.          


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер