Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уулумду кечиккен махабатынан ажыраттым. Бирок үй-бүлөсү сакталып калды

Уулумду кечиккен махабатынан ажыраттым. Бирок үй-бүлөсү сакталып калды

04-октябрь, 20:49
4 814 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен өзүм тажрыйбалуу психолог болуп, көп кишиге жардам берип, көп көйгөйлүү иштерди чечип жүрүп, бүгүн айламды таппай, үстөлдүн үстүндөгү гүлдү тиктеп ойлуу отурдум. “Кандай кылам? Эмне кылам?” деген суроолор жаап, жооп табалбайм... 

Биринчи келин-уулум үйлөнүп эле бөлүнүп кетишкен, бизге пайдасы да, зыяны да жок, өзүлөрүн эптеп кетүүсү үчүн жөн койдук. Экинчи келиним айттырбай кылган, тыпылдагандай көрүнгөн. Бара-бара көнүп алгандан кийин өнөрү чыга баштады. Идиш-аяктан кутулганыма сүйүнүп, “баары сеники, сен билесиң” деп койсом, жаш неме туура эмес түшүнүп алды окшойт. Тамак-аш асмандан түшкөндөй, сарамжалдоону билбей пайдаланат. Чиритип, ачытып, кычытып ыргытып жиберет. Айтсам, кагынып-силкинип, “өзүм билем” дегендей мамиле кыла баштады. Уулумдун көзүнчө башкача мамиле кылат, уулум жокто таптакыр башка. Күн өткөн сайын баламдын да мамилеси өзгөрүлүп баратты. Мен өтүм ооруганга майлуу тамак жебейм, келиним муну билсе да тескери кылып жасап коёт. Мен унчукпай чай ичип отуруп калам, балама “апаң жактырбай, жебей койду” деп жамандайт экен. Үй тиричилигиндеги нерселерди үйрөтсөм да тескериленип, балам экөөбүздүн ортобузга от түшүрдү. 

Ошентип жүрүп, баламды бөлүп алып кетти. “Өздөрүнчө жашап көрсүн” деп мен да жөн койдум. Чалбайт, сурап да коюшпайт. Мен психологияны окуганга, ошол багыт менен иштей баштадым. Эч нерсе болбогондой, өзүм чалып ден соолугун, неберемди сурап коём. Балам жакшы акча тапчу жумушунан кыскартылып калыптыр, үч бөлмөлүү батирде жашап жатышкан, бир бөлмөлүүгө көчүшүптүр. Тамак-аштан, акчадан кыйналса да өздөрү чыгып кеткенге айталбай жүрүштү. Ал ортодо келиним машинасы менен авария болуп, аябай кыйналышты. Эчтеке болбойт, башың аман болсо сатып аласың деп, бирок үйгө келгиле дебей кетип калдым. Жолдошума да үйрөтүп койдум. Баары келип акчага такалат эмеспи, экөөнүн урушу да жоктон чыга баштаптыр. 

Кийин балам да үйүнө келбей, келсе уруш чыгып, турмушу бузула баштаганда келиним өзү чалды. Кудагыйым түшүнүктүү киши, ошол киши жеткизсе керек да. Мындай учурда адам болгон ичиндегисин айтат, жарылат. Мен да тамырын тартып сурап жаттым, балам акча таппай келсе уруш чыгарат экен, анан тажап үйгө да келбей коюптур. Кайра үйгө келишти, келинимди баламдын көзүнчө мактап коём. “Алдаса болот жаш башты” дегендей, алдап, акырын таптай баштадым. Ар бир кылганын мактап коём, оңолуп калды. Күйөөсүнүн акчасын чогуу пайдаланат экенибизди да түшүнүп, “мен, меники” дебей калды. Балам да оңолуп, акыбалымды сурап турат. Ошентип өзүм окуган билимим өзүмө жардам берди. Сынган чыныдай быркыраган үй-бүлөм ордуна келип, күндөгүдөй эле күндөр өтүп жатты. 

Бир күнү келин-уулумдун бөлмөсүнөн урушкандарын угуп калдым. Эртеси келиним унчукпай, балам жумушуна кетип калды. Эмнегедир үйдө дагы бир нерсе болгонун сездим. Кечинде келиним ашканада калганда барып сурасам, араң эле турганбы, көз жашын тыя албай айтып берди. Балам кийинки күндөрү өзгөрүлүп, үйгө кеч келип, телефондон жашыруун сүйлөшөт имишБир чети кош бойлуу болгонго ушинтип жатабы?” дедим. Мени карап жардам күткөндөй болгонунанмен билип берем деп жоошутуп койдум. Бирок, эч нерсе биле албай жүрдүм. Бир күнү жумушка баратсам, досу машинасы менен жеткирип коёюн деп токтоп калды. Сүйлөшө кетип, “досуңду эсиңе кел деп койсоң боло десем, “айтып эле жатабыз, аяш эне, болбой жатат деди. Өзүмдүн методума салып, чоо-жайын акырын сурадым. Сүйлөшкөнү Айдай экенин, кайда иштээрин, өзүнөн он жаш улуу экенин билип алдым. Жолукканы бардым, ак жуумал, сулуу, ачык-айрым келин экен. Сүйлөшө келсем, баламды жөн эле пайдаланып жүргөндөй, акчага, кийимге байлыкка басым жасагандай. “Үй-бүлөсүн бузба, эки баланын убалына калба” деп сурандым. “Жо-ок” деп так секирип, мойнуна албай, “жакында турмушка чыгам” деп мени жоошутуп жолго салды. 

Эртеси майда-чүйдө алып келүүгө камынып калсам, келиним чалып, баламдын үч күнгө командировкага кетип жатканын айтты. “Ооба, мен жумушунан билдим” деп алдап койдум. Аңгыча эле экинчи катарда балам баягы келин экөө бир нерсе алып жүрүшөт. Көрүнбөй туруп балама чалдым, карап туруп басып койду. Эки-үч жолу кайталадым, албай койду. Экөө соода кылып алып, чыгып кетишти. Айла жок, үч күн чыдадым. Келиним менден бир нерсе күткөндөй эле карайт, ага айтсам жаш неме барып мушташып, ит эле болушат. Күттүк. Көлгө барып келгени билинип турат, күнгө күйгөн. Кечинде дагы экөө урушушту, балам келип телефонумду сурап, эшикке чыгып кетти. Көрсө, келиним телефонун алып алган экен. Келиним чыгып ыйлап, мага арыздана баштаса, балам киргизип кетти. “Кимге чалды экен?” деп карасам, чалбаптыр, смс жазыптыр, “мага чалба, телефон аялымда деп. Кайран, мени да алдаптыр да. 

Эртеси эрте туруп, ишке барбасам да баламдын машинесине отуруп алдым. Мен бир нерсе кыларда билинип калат окшойт, балам мени улам-улам карайт. Сөз баштасам эле балам мойнуна албай, жини менен машинасын катуу айдап жөнөдү. Бир нерсе болбосун деп унчукпай түшүп калдым. Таптакыр мойнуна албай койду. Айла жок кайра Айдайга барып, болгонун айтып салдым. Чындап эле көлгө эс алып келиптир. “Чогуу иштегендери укпасын” дедиби, жакынкы чайханага келип сүйлөшүп отурдук. Баламды да чакырттык. Ал жакын эле жерде жүргөн окшойт, бат эле келип калды, мени көрүп эмне дээрин билбейт. Эртең менен эле тапталбаган тайга окшоп аткан балам шалпайып колго түшүп берди. “Менде күнөө жок, балаңыз өзү жол бербей жүрөт” деп күнөөнү балама койду. Көп сөз айтылды, балам “алам” деп чыкты эле, Айдай бетине эле башка менен жүрөрүн, ага жакында турмушка чыгарын айтып салды. Балам өзүн эки тоонун чөбүн эңсеген текедей болуп калганын эми сезди окшойт. 

Келиним экөө алты жыл сүйлөшүп үйлөнүшкөн. Ортодо эки бала, терең ойлонуш керек болду. Үн-сөз жок үйгө келсек, келиним эт салып коюптур. Утушка жеткендей жакшы маанайда, неберемди эркелетип отурдум. Балам кылганына өкүндү окшойт, башын көтөрө албайт. Мен ар дайым ишим ишке ашканда жазып жүрчүмүн. Бүгүн да дептеримди ачып, “беш жүз отуз үчүнчү ишимдин ийгилиги деп белгилеп койдум. Келиним да аман-эсен көз жарып, кыз төрөп берди, баары жакшы. Кудайга миң мертебе шүгүр кылам!


Саламат Өмүралиева, Москва 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер