Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрлан Темиров: “Сууну жер алдынан алып чыгуу, трубаларды жаңыртуу, үйгө чейин жеткирүү – биздин милдет”

Эрлан Темиров: “Сууну жер алдынан алып чыгуу, трубаларды жаңыртуу, үйгө чейин жеткирүү – биздин милдет”

04-июль, 23:26
1 627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын пресс катчысы менен маек.

-- Учурда сугат суу тартыш болуп турганда, ичүүчү сууда көйгөйлөр жаралган жокпу?

-- Бул маселеге биз жактан караганда ирригатор системасы салынган эмес.  Бар болсо да буулуп калган учурлар кездешет. Элдер бактарын, чарбактарын сугарыш үчүн биздин ичүүчү сууну колдонушат. Сууканал уруксат бербеген убакта да баары бир сугарышат. Ошого карап, түнкүсүн гана сугарууга уруксат беребиз.

-- Тургундар суу акысынын кымбаттаганына нааразы. Суу акылары убагында төлөнөбү?

-- Тургундардын айрымдары туура кабыл алса, айрымдары туура эмес көрүшүүдө. “Кудайдын суусун да сатасыңар” деген айрым шаар тургундары да жок эмес. Суу акысын бул айда төлөй албай калса, экинчи айда төлөшөт. Суу акысы баары бир төлөнөт. Ал үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Сууну жер алдынан алып чыгуу, трубаларды жаңыртуу, сууну үйгө чейин жеткирүү – биздин милдет. Демек, биз сууну сатуу үчүн эмес, жеткирүү үчүн акы алабыз. 

-- Бизге окурмандар “Свердлов районундагы Фере–Сеченова көчөлөрүнүн кесилишинде таза суу орнотуу иштери башталган.   Бирок акырына чыкпай токтоду. Учурда ал жерде жолдор оңдолууда. Жол салынып кетсе трубаларды орнотуу үчүн төшөлгөн асфальт кайра бузулабы?” деп кайрылышты эле. 

-- 2020-жылы Сеченова көчөсүндө труба алмаштырылган. Жолдорду реабилитациялоо долбоору менен жасап жатышат. Бизге “Сеченова көчөсү асфальтталат” деген кат келип түшкөн. Өткөн жылы Сеченова көчөсүнүн жарымы жасалган. Быйыл жарымы жасалат. Жаңы асфальт төшөлгөн соң кантип аны казып, кантип трубаларды алмаштырабыз? Ошон үчүн биздин иштер бир жыл алдын ала ишке ашырылат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер