Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл кичинекей кезинде…

Айгүл кичинекей кезинде…

15-май, 19:03
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кийимчен куурчак көрсө кубанчу. Колундагы кездемеден көйнөк тикчү. “Мен дизайнер болом” деп кыялданчу.

Кийин убакыт өттү. Мектеп. ЖОЖ. Турмуш. Күйөө, балдар, кайын журт. Айгүлдүн кыялы акырын үн-сөзсүз өчүп калды. Бүгүн болсо: башы ооруйт, көңүлү чөгөт. Уйку начар. Жумушка, балага көңүлү жетпей калат. “Чарчоо эле го” деп өзүн сооротот. 

Бирок бул жөн эле чарчоо эмес. Көңүл бурулбай калган жандүйнөнүн үнү. Эскерилбей калган кыялдын ооруланып жаткан учуру.

Изилдөөлөр эмне дейт?

Америкалык психосоматикалык ассоциация көрсөткөндөй, 68% аялдардын ден соолук көйгөйлөрү стресстин жана өзүнө көңүл буруунун жоктугунун натыйжасы.

WHO жана Mayo Clinic белгилейт: эмоцияны басып жашаган аялдарда баш оору, уйкусуздук, гормоналдык өзгөрүүлөр, жүрөк жана ашказан оорулары эрте башталат. Мен дарыгер катары көп жолу байкадым, аял өзүн унутканда организм унчукпай чыдайт. Бирок бир күнү ал өзүн оору, чарчоо, маанайдын түшүшү аркылуу эскертет.

Сиз – эне, жар. Бул ролдордун алдында – өзүңүзсүз. Сиз биринчи орунда болушуңуз керек. Себеби, эгер сиз күйүп кетсеңиз, бүт үй-бүлө муздайт.

Бүгүн өзүңүз үчүн баштаңыз:

-- 10 мүнөт өз тынчтыгыңыз;

-- жылына бир жолу текшерүү;

-- жума сайын өз кыялыңызды эстөө;

-- кээде “жок” деп айтуу.

Бул өзүңүзгө кайтып келүүнүн башаты.  


Эрмек Исмаилов

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер