Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМКдан АКС жоюлса, Камчыбек Ташиев шайлоого аттанабы?

УКМКдан АКС жоюлса, Камчыбек Ташиев шайлоого аттанабы?

25-июнь, 17:54
2 379 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

23-июлда Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушуусунда УКМКга караштуу АКС жоюла турганын айтты. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы даярдалып атканын да кошумчалады. Мындай демилгенин ишке ашуусу ишкерлерге карата камкордук, аларды коргоо катары түшүндүрүлдү. 

Баарына белгилүү болгондой, АКС бар үчүн УКМК таасирдүү орган катары сыпатталып келген. Күтүүсүз реформадан кийин кандай болушу мүмкүн? Коомчулук да ушул өңүткө карай кулагын түрүп, кызыгып турушканы жашыруун эмес. АКСтен айрылган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев олуттуу фигура катары саналбай, алсырай түшөрү бештен белгилүү. Бир эсе “майталкандуу” кызматтын кыйрашы да “жагымсыздыкты” тартуулайт. Мындай шартта Камчыбек Ташиев аталган кызматта көпкө кармалбай, күздөгү парламенттик шайлоого аттанып, партиясы менен жеңишке жетүүнү көздөйт да, жыйынтыгында, спикерлик креслого секирик жасоону кыялданат. Дал ушул жагы логикалуу бекен? 

Бир эсе УКМК төрагасы болгондон бери Камчыбек Ташиев өзүнө кыйла душман ашырды. Болгондо да олигархтар, экс-чиновниктер ж.б. лөктөр. Ал келечегиндеги опурталдуу көрүнүштөрдүн алдын алып, бийликтин сересинде жүрүүгө далалат жасайт. Себеби, жөн салды адам катары көчөдө жүрүү кооптуу эмеспи? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер