Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Байларга да кымбатчылыктын каары сезиле баштады”

“Байларга да кымбатчылыктын каары сезиле баштады”

02-май, 21:16
854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соңку убакта кымбатчылыкка байланыштуу нааразычылыктар эл арасында күчөп баратат. Бул кризистен кантип чыкса болот?

Зайырбек Эргешов, улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери:

-- Орто жашагандарга эле эмес, байларга деле азык-түлүктүн кымбаттаганы сезиле баштады. Байлар деле кымбатчылыктын каарын айтышууда. Чынында бул көйгөй бизде эле эмес дүйнө жүзүндө болуп жатат. Кошуна мамлекеттерде деле ушундай жагдай. Өкмөт антимонополияны иштетип, дээрлик тамак-аш боюнча көзөмөлдү катуулатышы керек. Менин билишимче, эттин кымбаттаганы сыртка да сатылып атканына байланыштуу. Мал баккандар болсо, жем, чөп кымбат болгонунан актабай жатканын айтышууда. 

Инфляция жогору болуп, мигранттардын да абалы оорлоп баратат. Өкмөт баардык жагдайды колго алып, айыл чарбасына көңүл буруп, продукцияларды классификация кылып, ар бир аймакка сен муну, тигини өндүр деп тапшырма берип, азык-түлүк коопсуздугун сакташы керек. Дыйкандарга, фермерлерге колдоону көбөйтүп, кредиттерди жеңилдетип, чакан бизнести, чакан ишкерликти өнүктүрүү зарыл

Мадин Итикеев, серепчи:

-- Учурда баалар чындап эле көтөрүлдү. Бул жагдай биздин эле өлкөдө эмес, баардык жакта болуп жатат. Дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында согуштук аракеттер уланууда. Ошону менен бирге эле көпчүлүк жерлердеги катаклизмдер да баалардын жогорулашына себеп болууда. Бул биринчиси. Экинчиден, мамлекеттин эсебинен байып, азыркы кезде олигархтарга айланган бир ууч мурунку төбөлдөр акчаларын башка жакка чыгарып кетиши. Оффшордук фирмаларга миллиондорду которуп, билмексен болуп сыртка чыгып кетиши. Үчүнчүдөн, антимонополия кызматынын шалаакылыгы, төртүнчүдөн, ортодо алып саткан шылуундардын, ортомчулардын көптүгүнөн ушундай кырдаал түзүлүп жатат деп ойлойм. Эл арасында нааразычылыктар жок эмес, бирок антимонополия жакшылап иш жүргүзсө, текшерүүлөрдү көбүрөөк кылса, ортомчулар менен иш алпарса, баары ойдогудай эле болот. Бул нерсени кризис деп айтууга жарабас, жаз мезгилинде баардык эле жылдарда кайталанчу таңкыстык, убактылуу эле көрүнүш.

Мирбек Маниясов, серепчи:

-- Бизде антимонополия деген кызмат такыр эле иштебей калган. Бааларга көзөмөлдү күчөтүшсө болмок. Базарларда соодагерлер каалаган баасын коюп сатышат. Ажобуз, өкмөт башчыбыз ушуга өзгөчө көңүл буруп, бирдиктүү бааны киргизишсе жакшы болот эле.


Айнура Мырзабекова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер