Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Оштогу талкалоо... ар бир кылмыш үчүн укуктук баа берилет”

“Оштогу талкалоо... ар бир кылмыш үчүн укуктук баа берилет”

24-март, 19:38
6 256 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ош шаарында мэр Жеңишбек Токторбаев тарабынан үйлөр, курулуштар талкаланып, алардын кайра иретке келиши шек жаратып, сын-пикирлер айтылууда. Бул боюнча өкмөт көзөмөлгө алабы? 

Төлөгөн Келдибаев, “Тилектештик” партиясынын лидери:

-- Ош шаарында мыйзамсыз курулуш же кызыл сызыкка чыкты деген жүйөө менен көптөгөн имараттар жарым жартылай бузулуп, кээ бир кыймылсыз мүлктөр алынып салынды. Мындан сырткары миңдеген дарактар өзүм билемдик кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кыркылды. Ош шаардык экологиялык мекемесинен уруксаты берилген-берилбегени да кыркылып алынды. Мыйзамсыз курулуштарды же кызыл сызыкка чыкты деген дооматтар атайын комиссия ар бир имарат же тосмо (забор) боюнча актылар түзүлүп, сотко мажбурлап, өз эсептеринен буздуруу боюнча доо талаптар коюлуш керек болчу.

Талаш-тартыш адамдарды мажбурлоого сот чечими менен ишке ашырып, укуктук баа берилиш керек. Ар бир курулуш боюнча мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигине мэр укуктук баа бере албайт жана укугу да жок. Эгерде мыйзамдуу курулуштар бузулса, ал жер мамлекетке керек болуп калса, жол жана башка муктаждык болсо, базар баасында мүлкү бааланып, ээсине төлөнүп берилүүгө жатат.

Ал эми дарактардын массалык кыркылышына Ош шаардык кеңештин чечим чыгарып бергенге укугу да жок. Жашылдандыруу мекемеси атайын комиссия түзүп, эколог, агроном ж.б. адистер менен биргеликте дарактардын ооругандыгын же куурап калгандыгын аныктаган кортунду менен ишке ашырыш керек болчу.

Эми кыркылган дарактардын ордуна 215 доллардан Өзбекстандан миңдеген көчөт сатылып алынды дешүүдө. Ал көчөттөрдүн ар бирин карап текшерип алыш керек болчу. Көпчүлүгү эшек же эчки кажып койгонго окшош жарым жан көчөттөр эгилди. Ал жерлерге кара топурак эмес, жердин тереңинин алынган ак топурак төгүлдү. Ак топуракка эгин же көчөт өспөйт. Курулушка иштете турган топурак айланасына төшөлгөн. Эртеби-кечпи, ар бир кылмыш үчүн укуктук баа берилет. Дарактардын массалык кыркылышы боюнча бир да эколог же экологиялык мекеме унчукпай койду. Мурда бир жаран дарак кыркканын көрсө, айып төлөтүшчү. Тагыраагы, эл өзүнүн дарагын кыркканга да уруксат алчу.


Бакытбек Курманбаев, Ош тургуну:

-- Ошко канча мэр келип кетти, кандай иштеди эл өз баасын берип, тарых баяндайт. Мурдагы мэрлердин учурда иштеп жаткан Жеңишбек Токторбаевдей ыйгарым укуктары жок болгондугу факт! Өткөн чакка эл баасын берсин! Мен учурда жаңы келген мэр Жеңиш Токторбаевдин жумушуна Оштун тургуну катары көз карашымды айтайын.

Биринчиден, көп жылдардан бери айтып-жазып жүргөн, мен күткөн мыйзам күчүнө кирди. Ош шаары чынында тарып кеткени ачык эле көзгө көрүнүп калган. Кызыл чектен чыгып, ар жерге салып алган кээ бир инсандар үчүн “сностор” оор тийсе, Оштун тургундары үчүн жол кеңейип, жакшы болду. Муну жаңылануу деп билем. Ар бир адам мүдүрүлгөн сыяктуу мэр Жеңишбек Токторбаевдин да катасы бар. Ал этап-этап менен дарактарды кыйып, ошондой эле иштеп жаткан кызматкерлерине кээде одоно айтып алганы эле болбосо, өзүндө эч айып жок. Кандай болгон күндө да мамлекет өз жерин эч кимге бербейт жана берген дагы эмес! Ош экинчи борбор болгондон кийин, жаңылануу бул заман талабы да. Жасап жаткан жумуштарына тарых баа берип, эл өзү талкуулайт деген ойдомун!   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер