Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШга качкан мурдагы чиновник, бизнесмендерди алдырып, “кустурууга” мүмкүнбү?

АКШга качкан мурдагы чиновник, бизнесмендерди алдырып, “кустурууга” мүмкүнбү?

27-январь, 11:04
695 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 -- Трамп АКШдагы мигранттарды тазалай турганын айтып келди. Негизи ал жакта Кыргызстандан качып барган мурдагы чиновниктер, бизнесмендер арбын. Аларды Бишкекке алдырып, "кустурууга" мүмкүнбү?

Сонунбү Кадырова, журналист:

-- Албетте. Негизи бул жарыкчылыкта жашаган эл ыпластыктан жадады, ааламдык тазалануу башталды окшойт. Демек, адамзат билип-билбей жакшылыкка умтулууда. Бул биздин азыркы жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдөн да байкалууда. Акыры аң-сезимсиз түрдө байлыктын артынан башмалдак атып тоголонуу токтойт го. Эгер аны адам өзү токтото албаса, тизгиндей турган улуу күчтөр жардамга келе турган жерге келиптирбиз. Ошентип, “мамлекеттин акчасын, элдин байлыгын жөн эле алып, аны аш кылып кете албайт” деген сөз тастыкталат. Аларды азыркы бийликтеги азаматтар оңой эле алып келет. Алар карызынан кутулбаса, эч жерге батпай калганын билип, сезип, айрымдары өздөрү келе башташат.

Коррупцияны токтотуунун экинчи күчөтүлгөн этабы дагы далай кызыктар менен коштолчудай. Башталган элдик ишке Кудайым жар болсун. Буга ЖМКлар да активдүү катышып, ар кандай теледолбоорлорду ишке киргизип, өлкөбүздө болуп жаткан саамалыктарга жардам берүүгө милдеттүүбүз. Ийгилик каалайм!

Умар Анарбаев, серепчи:

-- Биринчиден, Трамптын инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө АКШ дүйнөдө стабилдүүлүк орношуна багыт алып, салым кошооруна ынандырды. Бул позитивдүү билдирүү... Бир топ чечимдерди ишке ашырарын белгиледи.

“Американы мигранттардан тазалайм” деген билдирүүсү – бул өлкө ичине мыйзамсыз агылып кирип келгендер жөнүндө сөз болсо керек... Баарыбызга белгилүү, АКШга "демократиянын аралчасы" деп бир топ өлкөлөрдөн "жакшы оокат" издеп баргандар толтура. Бул жерде Трамп көбүнесе Мексика аркылуу жана башка мыйзамсыз жолдор менен баргандар жөнүндө айтты окшойт. Мүмкүн аларды АКШдан чыгараттыр...

А бизден барган мурдагы саясатчы, чиновниктер, бизнесмендердин көбү ал жактан саясый башпаанек сурап, башкалкалап калышкан. Аларды алып келип кустуруп, жоопко тартуу кыйынга турат деп ойлойм. Анткени, алар ал жерден "вид на жительство" алып алышкан да. Эл аралык келишимдер жана ар бир мамлекеттин ички саясаты бар. Мындай жагдайды ошол жердеги консулдук тышкы иштер министрлиги менен биргеликте дыкат стратегия иштеп чыгуу жолу менен ишке ашырса болот жана бийликтин чечкиндүү саясый кадамы керек деген ойдомун. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер