Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Ар бир киши кылган иши үчүн жооп берсин”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Ар бир киши кылган иши үчүн жооп берсин”

29-декабрь, 20:19
1 146 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Исхак Абсаматович, тармактык комитет коррупция жана башка кылмыштарга айып пулду алып салган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окуудан жактырды. Бул мыйзам боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Мурдагы мыйзам боюнча коррупция беренеси менен айыпталган киши айып пул төлөп кутулат эле. Эми ошол норма жокко чыгарылганы жатат. Көрсө, биз 2017-жылы кодексти өзгөрткөндө ката кетирген экенбиз. Гумандаштырабыз деп тергөө менен кызматташуу боюнча норма киргизип койгонбуз. Кийин көптөгөн кылмышкерлер ошол норманы пайдаланып, кутулуп кетишти. Азыр эми турмуш ал норма кичине кыйшык болуп калгандыгын көрсөтүп жатат. Ушундай кантип болсун? Велосипед уурдаган киши эки жылга соттолот да, миллиарддарды уурдаган киши айып пулун төлөп, бошоп кетет... Коомчулукта чындап эле “адилеттүүлүк кайда?” деген ой пайда болот да. Ошондуктан, азыркы өзгөртүү туура. Муну эчак эле киргизиш керек болчу. Эсиңерде болсо керек, мен 2022-жылы эле ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушевге “алып салбайсыңарбы бу норманы” деп айткам. Ошол нерсе эми жасалып атат.

-- Бирок, айып пул менен кутулбай турган тизмеде коррупция гана эмес, “Шалаакылык”, “Пара берүү”, “Ортомчулук үчүн” деген сыяктуу беренелер да бар экен. Аларга карата жаза өтө эле катаал болуп калбайбы?

-- Жок. Коррупцияга каршы күрөш канча жылдан бери жүрүп жатат. Айлык акылар жетиштүү. Ошондуктан, ар бир киши кылган иши үчүн жооп берсин. Кээ бир учурда адегенде ишти “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене менен козгоп, кийин “Шалаакылыкка” которуп салган учурлар да болуп жүрөт. Адегенде катуу берене менен камап, бир айдан кийин тергөөчү өзү сотко барып суранып атат. Демек, ал төлөп койду. Ошондуктан, мен жаңы мыйзамды туура эле деп таап атам. Тескерисинче, жазаны дагы да күчөтүш керек. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер