Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адылбек Касымалиевден тоо-кен тармагына жаңы мамилени күтөбүз

Адылбек Касымалиевден тоо-кен тармагына жаңы мамилени күтөбүз

28-декабрь, 12:00
974 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы министрлер кабинети түзүлдү. Ошого байланыштуу жаңы түзүлгөн кабинеттин жетекчиси Адылбек Касымалиевди кызмат орду менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана чоң ишеним менен жаңы жаратмандыкты, ийгиликтерди күтөбүз! 

Акыркы үч жыл ичинде биздин тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин иш-аракеттери боюнча министрлер кабинетинин мурдагы жетекчиси Акылбек Жапаров менен жасай турган иштерибиз негедир жүзөгө ашкан жок. Биздин сунуштарыбыз дагы кабыл алынбай калды. Ошого байланыштуу Адылбек Касымалиев мырза сизге кайрылууну туура көрдүк. Себеби, бүгүнкү күндө тоо-кен тармагы экономикага өзүнүн чоң салымын кошуп жатат. Бирок ошол кээ бир көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыга турган болсок, анда тоо-кен тармагына мындан да көп пайда түшөрү анык болот эле. 

Биринчиден, тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча Садыр Нургожоевичтин үч жыл мурун берген тапшырмасы да аткарылбай келе жатат. Учурунда биз бул боюнча дагы сунуштарыбызды берген элек. Андан сырткары, бүгүнкү күндө тоо-кен тармагын тескей турган өз алдынча мекеме болуш керектигин убакыт өзү тастыктоодо. Тоо-кен тармагындагы кендердин ар кайсы түрлөрүнө 2100дөн ашык лицензия берилген. Ошол лицензиялардын 400дөйү алтын тармагында болсо, 376сы көмүр тармагында, 50 лицензия нефть, газ, ал эми 600дөн ашык лицензия ичүүчү жана дарылануучу суу тармактарына берилген. Бирок ошол берилген лицензияларга профессионалдуу көзөмөл жүргүзүп, иш алып бара турган мекеме түзүлүшү керек болчу. Мисалы,  көмүр тармагына 376 лицензия берилген болсо, ошонун 300гө жакыны гана иштетүү үчүн берилген. Калганы изилдөө иштерине берилген. Ошонун 19у гана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына таандык. Бул лицензиялардын 5%ын эле түзөт. Бүгүнкү күндө 5% гана лицензия колунда турган ишкана мамлекеттик деңгээлде кантип иш жүргүзөт? Жалпы көмүр тармагын тескеген, алтын тармагын, нефть, ичүүчү суу тармагын тескеген мекемелер керек.

Экология, климат, техникалык көзөмөл маселелеринен өзүнчө бөлүп, тоо-кен, геология тармагын тескей турган мекеме керектиги турмуштун талабы экени айкындалды. Үчүнчүдөн, кыргыз жергесинде жайгашкан кендердин корлорун аныктоодо, аны тактоодо кээ бир мүчүлүш маселелер пайда болууда. Ошого байланыштуу, мисалы, “Жамгыр” деген алтын кенин “Вертекс” аттуу компания иштетип жаткан учурунда аныкталган корлор дагы тастыкталбай калды. Мындайча айтканда, “Вертекс” мекемеси жабылып тынды. Кумтөр кениндеги алтындын кору 2022-жылдын жыйынтыгы менен 9 тонна алтын аныкталбай калды. 2023-жылдын жыйынтыгы менен 2,5 тонна алтын аныкталып такталган жок. Ошого байланыштуу Кыргызстандын аймагында жайгашкан кендердин корлорун аныктоочу мамлекеттик комиссиянын ишинде жасала турган жоболорду оңдоо зарыл болуп турат. Булар боюнча биздин сунуштар толук жолдонгон, бирок чечилбей келүүдө. Андан сырткары, айыл жергесинде жайгашкан кендерге байланыштуу жергиликтүү бийлик менен кен алып иштете турган компаниялар ортосунда дагы процедураларды жакшыртып, социалдык пакеттерди түзүү боюнча сунуштарды кабыл алуу зарыл. Мына ушул сыяктуу тоо-кен тармагында көп маселелер бар. Акыркы мезгилде Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү боюнча да маселе көтөрүлүп жатат. Ошону иштетүүдө да ар кандай көйгөйлүү шарттар жаралып калышы мүмкүн. 

Ошого байланыштуу, мүмкүн болсо, Адылбек мырза, эгер кабыл алсаңыз, сиз менен биздин бирикменин өкүлдөрү жолугуп, көп маселелер талкууланып, тоо-кен тармагынын мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым болмок. Ошону менен бирге тоо-кен тармагында эмгектенип жаткан адистерди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайбыз! Эски жылда бир топ экономикалык жетишкендиктер болду. Кийинки жылы мындан жогорку деңгээлдеги жетишкендик, талбаган иш ыргагы алдыда демекчимин. 


Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер