Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Алиев, ЖК депутаты: “Акылбек Жапаров татыктуу иштеди”

Медер Алиев, ЖК депутаты: “Акылбек Жапаров татыктуу иштеди”

19-декабрь, 18:05
1 386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Медер Кубанычевич, Акылбек Жапаров өкмөт башчы катары кандай иштеп кетти деп ойлойсуз?

-Жогорку Кеңешке депутат болуп келгени мен Акылбек Жапаров тууралуу бир да жылуу сөз айтпаптырмын. Тескерисинче, интервьюларымда сын пикиримди, терс көз караштарымды айтып аттым. Байкап жүрдүм, экөөбүздүн мамилебиз муздак болчу. Бир да жолу анын кабалдамасына барбадым, парламенттин трибунасынан мактаган да жокмун. Мен ойлойм, биз ушундай форматка өтүшүбүз керек экен. Киши кызматта турганда кошоматка кой союп, жалпалактабай, тескерисинче, кемчиликтерин, катачылыктарын айтып, ал эми кеткен соң калыс баабызды беришибиз керек. Менимче, ал киши татыктуу иштеди. Элге терс каарман катары калды. Бирок, мамлекеттик институттардын негизги принциптери, администрлөө практикада кандай болуш керектигин көрсөтүп кетти. Азыр жаңы шайланып жаткан өкмөткө да айттым. Бизде саясатчылар экиге гана бөлүнөт. Радикалдуу оппозициячыл, же радикалдуу бийликчилдер. Бийликчилдер бийлик туура кылса да, туура эмес кылса да мактай беришет. Оппозициячылдар болсо бийлик туура кылса да жамандап, жер менен жексен кыла берет. А биз центристтик көз караштагы саясатчылар жакшы иштерин колдоп-кубаттайбыз, терс иштерин айтып, сындап, альтернативалык көз карашты сунуштап турабыз. 

-Баңгизатты рекламалагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган мыйзам долбоорун демилгелеп жатыпсыз. Анын азыркы иштеп жаткан мыйзамдан эмне өзгөчөлүгү бар?

-Азыр XXI кылымда бул өтө чоң көйгөйгө айланды. Жаштардын арасында аптекалык наркомания, синтетикалык баңгизаттарды колдонуу аябай жайылып кетти. Интернет адам баласынын турмушуна жакшылыктарды алып келгени менен терс жактарын да жармаштырууда. Кат алышуу, баарлашуу жеңил болуп калды. Бирок, ошону менен бирге эле социалдык тармактар аркылуу каалаган өлчөмдө синтетиткалык баңгизаттарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Мурдагы героин, кокаин сыяктуу салттуу баңгизаттарга салыштармалуу азыркы жаңы чыккан синтетикалык заттар аябай таасири күчтүү, эки жолу даамын татып көргөн адам кайтарылгыс болуп бузулат экен. Ошого бөгөт коюш үчүн биз мыйзам долбоорун даярдадык. Министрлер кабинети саламаттык сактоо министрлиги менен аныктап, түзгөн тизме бар. Ошол тизмеге кирген баңгизаттарды реклама кылгандар азыркы мыйзам боюнча айып пул гана төлөсө, биз үч жылдан он жылга чейин камалсын деп атабыз. Экинчиси, аптекадагылар жаш балдарга дарыларды рецеби жок саткандыгы үчүн алардын айып пулун 200 миңге көтөрүүдөбүз. Андан тышкары, ишинен  айдалып, эки жыл ал кызматта иштей албайт. Ал да жардам бербесе, аптекалар лицензиясынан ажырайт. Бул чарбалык маселе эмес. Бул коомдун күчтүү, ден соолугу бекем мүчөлөрүн өстүрүүгө багытталган мыйзам. 

-Мыйзам долбоору азыр кайсы стадиясында? 

-Эки комитет жактырып, эртең биринчи окууга келет. Кудай буюруп, депутаттарыбыз колдоп берсе, өтүп, бир айдын аралыгында күчүнө кирип калат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер