Расул Умбеталиев: “Кыш кылычын көтөрө элек, бирок эл кыйнала баштады”


-- Электр энергиясынын жогорулаган баасын эл кандай кабыл алууда? Суук күчөгөндө эл каржалып калбайбы?
-- 2024-жылдын 1-майынан баштап электр энергия элге 10,8 пайызга көтөрүлгөн. Орто мөөнөттүү тариф саясатына ылайык 2021-2025-жылдарда баасы 1,11 сом 1 кВт/саат 700 кВт/саатка чейин, андан ашыкча колдонсо 2,39 сом төлөнөт. 2024-жылдын 26-ноябрынан тарта тиричилик эмес керектөөчүлөргө дагы тариф көтөрүлдү. 18,5 пайызга баасы 3,77 сом салыгы жок, салыгы менен 4,219 сом. Бул көтөрүлгөн тариф күнүмдүк колдонуучу тамак-ашка, буюмга, тиричилик кызматка таасир берет жана баардыгынын баасы жогорулайт.Тарифти көтөрүү алдында министрлер кабинети пенсия, пособие, ошого катар бюджетте иштегендердин айлыктарын индексациялоо кылыш керек эле. Карапайым калка бул нерсе оор, өзгөчө кыш мезгилинде.
-- Электр энергиясынын бүгүнкү абалы боюнча кандай ойдосуз?
-- Бүгүн абал жакшы деле эмес. 2024-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү болгону 13,036 миллиард кубду түздү, бул көрсөткүч эң аз, күз-кыш мезгилине жетишсиз. Энергетика министри Таалайбек Ибраев “кыш мезгилинде 3,9 миллиард кВт/саат жетишсиз, коңшу мамлекеттерден электр энергияны сатып алганга мажбур болобуз” деп айтып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин байма-бай өчүрүүлөр уланууда. Аны энергетика министрлиги “профилактикалык жумуштар үчүн” деп түшүндүрүп келет. Бирок 1-октябрдан баштап эч кандай оңдоо-түзөө, профилактика иштер болбошу керек. Токтогул суу сактагычында суунун агымы кескин түрдө өсүп, 600-650 куб/секундага жетти. Болгону авария катталса, өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Бишкек шаарында жылуулук жана ысык суу “Улан”, 4-8-кичирайондордо үзгүлтүккө учурап, толугу менен камсыздалбай жатат. Көмүрдүн баасы асмандап кетти. Эң арзаны 5600 сомдон сатылууда. Мындай баа карапайым элге өтө кымбат да. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңеште элге кайрылуусунда “кышында Бишкекте ыш жана энергетикада чектөөлөр, өчүрүүлөр катталбайт” деп убада берген. Бирок андай болбой жатат. Азыр кыш кылычын көтөрө элек, бирок эл кыйнала баштады. Убадасын аткарбаган министр кетиши керек эле, бирок бизде өз каалоосу менен эч бир министр кетпейт...
"Азия Ньюс" гезити











