Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биз өзүбүздүн аймагыбызга ээ боло албай, ок жеп, жарадар болуп отурабыз”

“Биз өзүбүздүн аймагыбызга ээ боло албай, ок жеп, жарадар болуп отурабыз”

20-декабрь, 00:25
549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда дагы жаңжал чыкты. 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылынан чыккан чырдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жаракат алды.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалымат боюнча, ИИМдин ички аскеринин ок жеген кызматкерине Баткен облустук ооруканасында операция жасалган. Андан тышкары, Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Ошондой эле дагы төрт адам ар кандай жаракат алган. Анын ичинен үчөө ички иштер министрлигинин кызматкерлери, бирөө жөнөкөй жаран. 

Кайрадан мурунку абал. Жапа чеккен, жабыр тарткан эле карапайым адамдар. Чек ара маселеси боюнча дыкат, оңутту иш алып бара турган төбөлдөрдүн бири Жеңиш Разаковго окшогондор мындай иштин алдын албаганы кейиштүү.

Гүлжигит ИСАКОВ, жарандык активист:

-- Биз ал жакка барып келдик. Ошол айылда конгон элек. Күндө татаал абал. Тажиктер ок атышты. Биздикилерде ок жок. Кечээ мурдагы күнү салынган дубалды алабыз дешкен болчу. Провокация жасап, ок атышып, бир канча жараныбызды жарадар кылышты. Көңүлдү башка жакка бурушту. Мухамметкалый Абылгазиев, Жеңиш Разаков жана башка тийиштүү элдин кызматкерлери, качан элге кызмат кыласыңар?! Эмнеге тажик өкмөтү менен түзүктөп сүйлөшө алышпайт?! Алардын уруксатысыз бул провокация болмок эмес тажик тараптан? Эмне үчүн чечпейсиңер? Көк-Таш айылынын 90%га жакын тамдарынын дагы деле кызыл китептери жок. Тажик тарап мурда бизден ижарага алган жерлерин кайтарбай, азыр талаш жер деп айтып, ага дагы карабай күнү-түнү шагыл төгүп, курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Тажик мамлекети өздөрүнүн там салган жарандарына дароо кызыл китептерди беришүүдө! А биздикилерде болсо кызыл китеби бар 10%га жакын тамга 50-60тан жараныбыз катталышып, эптеп күн көрүп жатышат! Атасы 20 жыл мурда өтүп кеткендердин тамдарына деле кызыл китеп берилбей, «өтүп кеткен атаңдан ишеним кат алып кел» дегидей антимамлекеттик саясат жүрүүдө. Чек арага жакын жашаган аймактагыларга өзгөчө жеңилдиктер каралышы керек болчу. Эмне үчүн каралбайт? Качан ыргылжың жашоодон ойгонобуз?!

Артур МЕДЕТБЕКОВ, коопсуздук боюнча эксперт:

-- Чек ара маселесин жыйырма жылдан бери какшап айтып келе жатабыз. Укук коргоо органдары, эксперттер, андан тышкары, ал жерде жашап жаткан коомчулук айтып зар какшады. Чек ара маселесин чечүү үчүн жогорку деңгээлдеги мамлекет башында отургандар аныктоо-тактоо иштерин бүтүрмөйүнчө маселе чечилбейт. Аныктоо-тактоо иштери күнүгө бир метр, жүз метрден аныкталып-такталып, кээ бир жерден биз аларга, айрым учурда алар бизге чегинип отуруп, чек аранын линиясын түзүп, чечүүгө аракет кылуу керек. Жергиликтүү элден кошулган топту комиссияга кошуп, ошол жерде талаш-тартыш болуп, күнүгө иштеген комиссия ишти акырындап бүтүрсө болот.

Анда чатак маселелер бар. Кээ бир жерлерде, мисалы, Көк-Ташта, андан тышкары Тажикстанга кирип кеткен үйлөр бир көчө тажиктердики болсо, бир көчө кыргыздардыкы болуп, аралашып кеткен. Ошол элдер менен сүйлөшүп, маселени  чечүүгө аракет жасоо керек да.  

Дагы бир жагы: чек арага жакын жашап жаткан элдин жеңилдиктерин көтөрүү керек. Ал жерди эл гана сактап, эл гана кармап жатат. Үчүнчүсү, чек ара кызматында иштеп жаткандарга шарт түзүү керек. Техникалык жабдыктар менен жабдуу шарттары да ойдогудай болушу керек. Ушулардын баарын комплекстүү карап иштесе, анда баары орундалмак. Тилекке каршы, ал иштер орундалбай жатат. Жаңжал чыкканда чуркамыш болуп калышат, бир аз каражат бөлүшөт. Ошону менен токтоп калат. Мындай ыргылжың болбой, чечкиндүү кадамдарды жасоо керек! 

Рустам ЮСУПОВ, жарандык активист:

-- Чек ара маселеси көптөн бери курчуп келет. Өткөндө эле президенттердин жолугушуусунан мурун да маселе курчуп, бир топ жарандар каза болуп, ок жеп, оор жагдайлар болду. Бул маселеге ошондон кийин эле башкача көңүл буруу керек болчу. Маселени жеринен жакшылап тактап чечкенде, азыркы абал кайталанбайт болчу. Айрым чиновниктерге чек ара маселесинин чечилбегени пайдалуураак болуп жатат. Контрабандалык товарлардын ташылып жатканы, курал-жарак, баңгизаттардын өтүп жатканына карап, айрым чиновниктердин, күч органдарында иштеп жаткан кызматкерлердин кызыкчылыгы үчүн чечпей созуп келе жатышат. Бул жерде жөнөкөй эле жарандар ал жерде жашаганга мүмкүнчүлүгү да жок болуп, көчүп кеткенге мажбур болушууда. Биз өзүбүздүн территориябызга ээ боло албай, ок жеп, жарадар болуп отурабыз. Бул – ачуу чындык. Бүгүн бийликте отургандар өздөрү маселенин чечилбешине кызыкдар болууда. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер