Душманың менен мүрзөгө чогуу жаткандан көрө, сүйлөшүү столуна отурган жакшы


Өлүп бараткан жоокердин бозоргон көздөрүн бир эле жолу көргөн киши согушту баштаар алдында аябай ойлонот.
(Отто фон Бисмарк)
Согушту чайкоочулар, генералдар, штабда отурандар, анан сойкулар гана жакшы көрүшөт.
(Эрнис Хемунгуэй)
Согуш бир тууган болуш үчүн жаралган кишилерди жырткыч айбанга айланат.
(Вольтер)
Согушту баштагандар өз торуна өздөрү чалынышат.
(Иоанн Дамаскин)
Эки жакшы башкы командачыга караганда, бир жаман башкы командачы артык.
(Наполеон Бонапарт)
Согуш учурунда буканын куурулган этин жегенге караганда, тынчтык учурунда куурулган жумуртка жеген жакшы.
(Леон Фейхтвангер)
Өзү менен өзү тынчтык келишимин түзө албаган киши башкаларга согуш ачат.
(У.Хэзлитт)
Согуш – бул алдамчылыктын жолу.
(Сюньцзы)
Согушту акылы жок клоундар жүргүзөт да, бүткөн соң ал циркти унутуп коюшат.
(“Бүгүнкү апокалипсис” тасмасынан)
Согуш – бул негизинен одоно катачылыктардын каталогу.
(Уинстон Черчилль)
Эгер дүйнөнү энелер башкарганда эч кандай согуш болмок эмес.
(Салли Маргарет Филд)
Согуштардын баары – жарандык согуш, себеби, адамдардын баары бири-бирине бир тууган.
(Франсуа Фенелон)
Ар кандай согушта, анда ким гана жеңишке жетишпесин, жеңилгендердин балдары ыйлап, өз аталарын адилеттик үчүн курман болду деп эсептешет.
(Виктор Точинов)
Согуш үчүн үч нерсе керек: акча, акча жана акча.
(Джан Джакомо Тривулцио)
Мен согушту жек көрөм. Ал жоокерлерди бузуп, мундирлерди кирдетип, тартипти ыдыратат.
(Улуу князь Константин Павлович Романов)
Эгер Колумб Американы ачпаганда, АКШ Иракка кол салмак эмес.
(Борис Кригер)
Жеңишке жетишкенде атүгүл коркоктор да мактанат. Ал эми жеңилүү болсо баатырлардын да башын шылкыйтат.
(Гай Саллюстий Крисп)
Согуш эмне экенин лазеретте гана билесиң.
(Эрих Мария Ремарк)
Өз элин согушка жөнөтөрдүн алдында ойлонбогон лидер – лидер болгонго татыктуу эмес.
(Голда Меир)
Душманың жок болсо согуш да болбойт.
(Лао-Цзы)
Душманың менен мүрзөгө чогуу жаткандан көрө, аны менен сүйлөшүү столуна чогуу отурган жакшы.
(Борис Кригер)
Согуш – бул эң күчтүү мамлекеттин да, денесин да ичтен жеген саясый рак.
(Пьер Буаст)
Согуш – бирөөнү өлтүрүү деп айтышат. Жок, согуш – бул өзүн өзү өлтүрүү.
(Рамсей Макдональд)
Согушту аскер адамдары баштабайт, саясатчылар башташат.
(Уильям Уестморланд)
Адилет согуш болбойт, анткени, адилеттүү согушуу мүмкүн эмес. Атүгүл адилеттүүлүк үчүн күрөшүп атсаң дагы.
(Тадеуш Котарбинский)
Үчүнчү дүйнөлүк согуштун ардагерлери болбойт.
(Уолтер Мондейн)
Согуштун биринчи курмандыгы чындык болот.
(Джонсон Хайрам)
Кудай согушту америкалыктар географияны үйрөнсүн үчүн ойлоп тапкан.
(Марк Твен)
Мен жүргүзгөн согуштардын эң кыйыны – бул аялым Оливия менен жүргүзгөн согуш болду.
(Александр Македонский)
Өз баласын жиберип көрмөйүнчө, эч ким согуш эмне экенин түшүнбөйт.
(Жозеф де Местр)
Даанышман жакшылык менен тынчтыкка умтулса, келесоо согушка умтулат.
(Рудаки)
Согушту “этият болушум керек” деген ураан менен жеңүү мүмкүн эмес.
(Уинстон Черчилль)
"Канга кан" деген принцип бүт дүйнөнү сокурга айлантат.
(Махатма Ганди)
Согуш таланты жок кишилерге пайдалуу. Ал эми таланттуулар үчүн тынчтык пайдалуу.
(Михаил Задорнов)
Мырзалар, биз бул согушта келесоого айланабыз.
(“Дартанян жана үч мушкетер” тасмасынан)
Согуш жеңүүчүнү келесоо, жеңилгенди ачуулуу кылат.
(Фридрих Ницше)
Жеңишти таажия менен белгилеш керек.
(Лао Цзы)
Согуш миллионерлердин турмушун жакшыртыш үчүн миллиондордун өмүрүн кыят.
(Леонид С.Сухоруков)
Демократия орногондон бери согуш артынан согуш эле болуп келатат.
(Уинстон Черчилль)
Бир күн согушканга караганда, он жыл сүйлөшүү жүргүзгөн жакшы.
(Андрей Громыко)
Согуш анын даамын татып көрбөгөндөргө эле ширин болуп сезилет.
(Никколо Макиавелли)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











