Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аял киши энергиясын кантип жогорулатса болот?

Аял киши энергиясын кантип жогорулатса болот?

16-октябрь, 08:00
1 900 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баардык адамдар энергетикага бай экен. Ал бирөөндө жогору болсо, бирөөндө төмөн. Адамдардын бактылуулугу, тапкан кирешеси жана жагымдуулугу дал ошол энергетикага байланыштуу. Ошондуктан адистер кимдир бирөө ийгиликтүү, бай, бактылуу болуш үчүн алгач энергия эмне экенин түшүнүү керек экендигин белгилешет.

Энергия да, энергетика дагы кубат дегенди билдирет. Экөө тең көзгө көрүнбөйт, бирок алардын бар экендигин башка нерселер аркылуу сезе алабыз. Мисалга, электрдин бар-жогун билүү үчүн бөлмөнүн жарыгын жагып көрөбүз.

Адамдын кубаты болсо, анын маанайынан, жашоону сүйүп жашагандыгынан, кыймыл-аракетинен, дабышынан, сөзү менен көзүнөн, айланадагы адамдарга болгон мамилесинен билинет.

Энергияны сезим десек, эмоция  энергетика. Энергияны мүнөз десек, энергетика  кулк-мүнөздүн касиеттери катары билүүгө болот. Бул тууралуу Zaman сайты тизмелеп жазып чыкты.

1. Таңды гана эмес, жанды дагы энергия менен толуктоо керек. Аял киши, дегеле жалпы адамзаты энергияны алгач эле суудан алат экен.

Таң эртең менен чуркаганда, спорт менен машыкканда, көнүгүү жасаганда аба аркылуу энергия алабыз.

2. Аял киши табиятка каршы чыкпаш керек. Ал деген өз ордун билип, үй жумуштары менен алектенүү керек дегенди билдирет. Сиз качан өз милдетиңизди билип, аялдык сапатыңызды жоготпогондо, сиздин энергетикаңыз дагы көбөйөт.

3. Аял киши өзүнө күтүү жасаганда, анын энергетикасы жогорулайт.

4. Аялдын энергетикасы айланадагы адамдар менен жакшы маанайда баарлашканда дагы жогорулайт экен.

5. Чыгармачылык жана хобби менен алектенгенде да энергия толкуп-ташыйт.

Эгер токтобосоң канчалык жай бара жатканың маанилүү эмес. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер