“Төөкуш башын кумга катып алды” деп ойлобогула. Ал бизге көчүгүн көрсөтүп жаткандагысы.

Иса пайгамбар суунун үстү менен баса алган. Эгер дарыяларды булгоо токтобосо, жакында ар бир адам суунун үстү менен баса ала турган болуп калат.
Отунуң канчалык көп болсо, токой сенден ошончолук алыстайт.
(Александр Жуков)
Асманда каркыра-турналар, илегилектер азайган -- жерде адамдар көбөйүп кеткенинен эмеспи?
(Юрий Скрылев)
Дүйнө ар бир адамдын муктаждыгын канааттандырганга жетишерлик кең, бирок, адамдын ачкөздүгүн тойгузганга өтө эле тар.
(Махатма Ганди)
Жер шары тазга айланып баратат, глобалдык баш сөөк көрүнүп калды.
(Аркадий Давидович)
Тиш чукугуч үчүн биз даракты кыйып салганга даярбыз.
(Роберт Лембке)
Өнүкпөгөн өлкөлөрдө сууну ичкен коркунучтуу болсо, өнүккөн өлкөлөрдө аба жуткан коркунучтуу.
(Джонатан Рейбан)
Оорулууну врач дарылайт, бирок жаратылыш айыктырат.
(Гиппократ)
Жаратылышты анын мыйзамына баш ийүү менен гана жеңүүгө болот.
(Френсис Бэкон)
Жаратылыш – эне, ал акылдуу, даанышман. Баласы болсо келесоо.
(Уильям Шекспир)
Кудай кечирет, адамдар да кечиришет. Жаратылыш болсо эч качан кечирбейт.
(Иоганн Вольфганг Гёте)
Кудай чөлдү, балким, адамдар дарактарга сүйүнсүн үчүн жараткандыр?
(Пауло Коэльо)
Күз – бул экинчи жаз, ар бир жылбырак – бул гүл.
(Альбер Камю)
Акыр заман акыркы үч кит жээкке чыгып калган кезде келет.
(Сергей Хохлов)
Американын аймагынын төрттөн бирин токой, калган бөлүгүн пивонун бош бөтөлкөлөрү каптап турат.
(Америка накылы)
Жаратылышты коргоо – мекенди коргоо.
(Михаил Пришвин)
Жаратылыштын бир өзгөчөлүгү бар: арстан эч качан башка арстанган, ат эч качан башка бир атка кул болбойт.
(Мишель Монтень)
Адамзат өзүнө кожоюн болмоюнча, жаратылышка кожоюн боло албайт.
(Вильгельм Фридрих Гегель)
Атыргүл бизде жаратылышка карата сүйүү сезимин ойготсо, тикенеги жаратылышты урматтоого үйрөтөт.
(Антон Лигов)
Чиркейлер жаратылыштын эң активдүү, акы албай иштеген коргоочулары.
(В.Зубков)
Жаратылыштын төрт декорациясы – жыл мезгилдери, күн, ай, жылдыз сыяктуу түбөлүк өзгөрбөгөн акт ёрлору бар. Бирок, көрүүчүлөрү такай өзгөрүп турат.
(Антуан Ривароль)
Жаратылыштын тилин түшүнгөндү үйрөн. Ошондо “дүйнө керемет турбайбы” дейсиң.
(Иван Никитин)
Жаратылыштын китеби математиканын тилинде жазылган.
(Галилео Галилей)
Жердин жемиштери баарына таандык, ал эми жер болсо эч кимге таандык эмес.
(Жан Жак Руссо)
Жалбырак сүйгөн кезде гүлгө айланат. Гүл сүйгөн кезде жемишке айланат.
(Рабинданат Тагор)
Жаратылыш – бул ар бир барагы улуу маанини камытыган жападан жалгыз китеп.
(Гёте)
Жер жүзүндөгү эң керемет нерселер күндөн жаралат, эң жакшы нерселер адам тарабынан жаралат.
(Михаил Пришвин)
“Төөкуш башын кумга катып алды” деп ойлобогула. Ал бизге көчүгүн көрсөтүп жаткандагысы.
(Мечислав Шарган)
Булбулдар сайрабай калган кезде чегирткелер чырылдай баштайт.
(Мария фон Эбнер-Эшербах)
Даярдаган Мамат САБЫРОВ
"Азия Ньюс" гезити