Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Мен баарын байкайм, бирок жөн гана унчукпайм
Мен баарын байкайм, бирок жөн гана унчукпайм
07-октябрь, 08:42


Баардыгынан эң көп сага кам көргөндү четке какпа! Бир күнү көзүңдү ачасың да, “жылдыздарды санайм” деп жатып, айыңды жоготуп алганыңды сезесиң.
***
Кээде өткөн өмүрү начар адамдар мыкты келечек түзүшөт.
***
Адамдар өзүнүн кемчилигин эмес, башканыкын даана көрүшөт.
***
Максаты жок адам өлүк балыктай, суу кайда агызса ошол жакка агып кете берет.
***
Кээ бир учурда андан ары жашоо улантыш үчүн катуу азап тартуу да керек болуп калат.
***
Мен баарын байкайм, бирок жөн гана унчукпайм.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити











