Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Арабызда дубалдар эмес, көпүрөлөр көбөйсүнчү!
Арабызда дубалдар эмес, көпүрөлөр көбөйсүнчү!
14-март, 16:13


Жакшы өмүр жакшы ойлордон турат.
***
Эртеңки күн жеңил болсун десең, кыйынчылыктарды бүгүн багындыр.
***
Кедейликтин жакшы жери: ал сенин пайдаңды көздөгөн достордон алыс кылат.
***
Ар дайым бир нерсе менен алектенип, дайыма бош эмес болуңуз. Бул жер жүзүндөгү эң эффективдүү, эң арзан дары.
***
Жакшы иштерди жаса, ал дайым кайтып келет.
***
Чокуга чыккандын өзү аздык кылат. Дайым бийикте болуу керек.
"Азия Ньюс" гезити











