Сүйүү – Жараткандын баа жеткис белеги


«Жашоодон күтүлбөгөн белектерди күтпөстөн, аны өзүңөр үчүн өзүңөр жасагыла».
«Сүйүү бул – Жараткандын берген баа жеткис белеги».
(Л.Толстой)
***
«Жашоо – бул ийгиликке жетүү үчүн нечендеген күрөшүүнү талап кылган керемет саякат».
(Р.Олдингтон)
***
«Жашоо – эптеп күн өткөрүү, жан багуу үчүн эмес, ар бир күнүңдөн ырахат алуу үчүн берилген».
(В.Ключевский)
***
«Бакыт – ден соолук сыяктуу, ал сенде бар кезде кадырын билбегендей эле».
(М.Булгаков)
***
«Дайым алдыга карай умтулуунун өзү – жашоодогу чоң бакыт».
(Э.Золя)
***
«Жакшы нерселер жөнүндө ойлон, жакшы сөздөрдү гана сүйлө, жакшы иштерди жаса! Бул үч нерсе сен ойлогондон да улуу бийиктиктерге жеткирет».
(Р.Берн)
***
«Бүтүн дүйнө үчүн сен катардагы гана адамсың, бирок бир адам үчүн бүтүндөй дүйнө болушуң мүмкүн».
(Г.Маркес)
***
«Сен өзүңдү бир гана адамга салыштырмалуу карай аласың, ал сенин мурунку убагың. Бир гана адамдан мыкты болушуң керек, ал сенин азыркы кезиң».
(З.Фрейд)
"Азия Ньюс" гезити











