Балбак Түлөбаев: “Мен Сооронбай Шариповичти башынан колдоп келатам... Садыр Нургожоевич тараптамын, талтайган жокмун!”
Береги эки мисал менен парламент депутаты Балбак Түлөбаевдин ким экенине баа берсеңер болот. Тирүүлүктө, дегеле саясатта туруктуулук, бекем позиция бааланат эмеспи. Тилекке каршы, бул жагына куран окуп, көмүп салгандай кылды да...
“Мен Сооронбай Шариповичтин саясатын башынан бери эле колдоп келатам. “Мөөнөтү бүткүчө иштеп берейин, ушу кишиге кызмат кылайын” деп ачык эле айтып келем. Ары-бери секире бергендей андай куракта эмесмин. Бир киши менен бардым, аягына чейин ошо киши менен барышым керек да. Мага пиардын кереги жок...” деп Балбак Түлөбаев 2020-жылы маек берген.
2022-жылы болсо эки жүздүүлүгүн көрсөтүп, парламент трибунасынан минтип сүйлөп атат: “Садыр Нургожоевич тараптамын деп башынан бери, шайлоого бара электе эле айтып келатам. Садыр Нургожоевичтин командасы силерсиңерби, мен силер мененмин. Мына менин позициям, тайыган жокмун! Талтайган жокмун!” деп.
Кубулганына күбө болдуңар да. Балбак Түлөбаев кызмат, мансап үчүн ойт берип, жыл өткөн сайын улам бир президентти сатып, кайсы абройго жетмек эле? Болгону өсүп келаткан жаш муунга терс сапаттарын көрсөтүп, бузукулук кылып атканы өкүнүчтүү. Эмне дейли? Жаштар, Балбактан үлгү ала көрбөгүлө!
"Азия Ньюс" гезити