Айран менен организмди кантип тазаласа болот?
Айран – организмди шлактардан тазалоочу табылгыс азык. Бул үчүн башка тамак-аштарды биротоло чектеп, 3 же 5 күн бою айран гана ичип туруу керек.
Тамак ичүүгө табит тартпай турганда айран ичиңиз. Анын жагымдуу даамы ашказан бездерин иштетип, мунун эсебинен табит ачылат.
Айран тамак сиңирүүчү каражат катары да жакшы жардам берет. Тамагыңыз сиңбей кыйналсаңыз, айрандан бир стакан ичип койсоңуз, 50-60 мүнөттө жегениңиз аш болот.
Майлуулугу жокко барабар болгон айранды ичип турса, ал жүрөк кемтиги, атеросклероз, инфаркт миокарды сыяктуу кан тамыр ооруларынын өрчүүсүн басаңдатат.
Өзүңүздү алсыз сезип, сасык тумоо айланчыктап турганда айран ичип туруңуз. Ал иммунитетти бекемдеп, ооруга каршы турууга жардам берет.
Комплекстүү аллергияга жакындыгы барлар да айран ичип туруу керек. Ал аллергияга чалдыгуудан натыйжалуу коргойт.