Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 15 мүнөттө кантип бырыштардан арылса болот?

15 мүнөттө кантип бырыштардан арылса болот?

12-июнь, 19:30
527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кургак жана түлөгөн бет териси өзгөчө жагымсыз абал жаратат. Мындан арылуу үчүн банандан маска жасасаңыз болот. Ал үчүн 1 даана банан, 1 чай кашык азыктандыруучу бетмай, 1 чай кашык зайтун майы жана 0,5 чай кашык лимон ширеси керектелет. Булардын баардыгын аралаштырып, эки күндө бир жолу кечинде маска жасап жатыңыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз.

Көздүн астындагы шишиктерден арылуу

Бул ыкманы кечинде, эртең менен деле колдоно берсеңиз болот. Бир даана кичинекей картошканы көзү майда сүргүчтөн өткөрүп, аны көздүн астына 15 мүнөткө сүртүп жата туруңуз. Шишиктерди жана кара тактарды эң сонун кетирет. Мындан сырткары, баштыктагы көк чайды сүткө бир малып алып, аны да 15 мүнөткө коюп жатсаңыз жакшы жыйынтык берет.

Теринин дүүлүгүүсү

Мындай көйгөйдөн кефир маскасы сактап калат. 100 грамм майлуу кефирди таза жуулган бетиңизге сүйкөп, 15 мүнөт кыймылсыз жатыңыз, андан кийин жылуу суу менен чайкап коёсуз. Бул маска кечинде жасалат.

Бет терисин сергитүү

Бет териңизди жакшы абалга алып келүү үчүн алгач кайсы түргө кирерин аныктап алыңыз. Майлуу бетке жумуртканын агына зайтун майы жана бир тамчы лимон ширеси керектелет. Баарын аралаштырып бетиңизге 15 мүнөткө кармап, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз. Кургак бетке быштак же каймакты 15 мүнөткө сүртүп жылуу суу менен чайкап коёсуз. Ал эми аралаш абалдагы бет териси үчүн бир бананды эзип, ага 1 чай кашык грейпфруттун ширесин кошуп, 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер