Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Ал жигитти жактырам, бирок эжем каршы”
“Ал жигитти жактырам, бирок эжем каршы”
25-октябрь, 12:02
690 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жашым 23тө, бир бала менен сүйлөшүп жүрдүм, көрсө ал эжекемдин мурунку жигити экен. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Төрт жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Мени күтүп ушул күнгө чейин үйлөнбөй жүрдү. Ортодо эки ай сүйлөшпөй калдык эле, кайта бири-бирибизди табышып алды. “Башкага үйлөн” десем, “сенден башка мага эч ким керек эмес, сени алам же өмүр бою бойдок өтөм, эркектик сөзүмө турам” деп жатат. Каалаган нерсемди алып берет, оорусам дарыларымды алып берип, өзү ооруканага көрсөтөт. Экөөбүз бири-бирибизден эч ажырай албай койдук. Ата-энем, бир туугандарыман кийинки эң жакын адамым – жигитим. Эжекем каршы. Эжекемдин үй-бүлөсү, үч баласы бар, бактылуу жашайт.
Айдай