Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынай Кариева, психолог: “Эгоизм көбүнчө Z муунуна таандык”

Алтынай Кариева, психолог: “Эгоизм көбүнчө Z муунуна таандык”

10-январь, 22:43
4 021 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы бөбөктөрдүн көпчүлүгүнөн агрессия өтө байкалат. Бул эмнеге байланыштуу?

-- Негизи андай статистика жок. Бирок, менимче, бул нерсе баланы курчап турган чоңдорго байланыштуу. Анткени чоң адамдарда ачык жана пассивдүү агрессия көп. Бала деле ал нерсени күзгү сымал үлгү катары көрүп, ошол жүрүм-турумду өзүнө кабыл алат. Азыркы Z муунунда өспүрүм учур өтө эрте келип калган. Ал 9 жаштан башталат. Ошого да байланыштуу болушу мүмкүн. 

-- Бала тарбиялоодо ата-энелер эң ириде эмнеге көңүл буруусу керек?

-- Эң башкысы, жаш курак психологиясына көңүл бурушу абзел. Баласынын жүрүм-турумундагы, мүнөзүндөгү өзгөрүүлөр жыл өткөн сайын айырмаланат. Аны туура кабыл алыш керек. Бала чоңдордун бөксө жерин толуктоочу зат эмес. Ата-эненин жетпей калган каалоо-тилектерин орундатууга бала милдеттүү болбойт. Ошондуктан баланын өзүнүн өзгөчөлүгүнө, анын индивидуалдуулугуна жараша мамиле кылуу маанилүү. Ата-эне үчүн баланын психологиясы тууралуу китептерди окуусу аны тарбиялоодо чоң жардамчы болот. 

-- Эгоист балдардын өсүп баратканын да байкайбыз. Бул нормалдуу эле көрүнүшпү?

-- Эгоист балдар менимче Z муунуна таандык. Ал эми андан мурунку муундагылар ириде өзгөнү ойлоп, акыры өзү жөнүндө ойлошчу. Психологияда салмактуу эгоизм (здоровый эгоизм) деген бар. Ага ылайык, адам өзүн биринчи орунга коюп, анан гана башкалар тууралуу ойлонот. Буга өзүнө гана суктануу кирбейт. Андыктан, бул нерсе нормалдуу эле көрүнүш. Z муунунда өзүнө болгон жоопкерчилик маанилүү. Биздин муунда эл эмне дейт?” деген нерсе биринчи орунда болгондуктан, азыркы муундун өзү жөнүндө биринчи ойлонушу өөн учурашы ыктымал. 

-- Ата-эне балага ашыкча жинденбеш үчүн эмне кылуу керек?

-- Көп учурда ата-энелер иштен чарчап келишип, күн бою топтолгон терс энергияларын балдардан чыгарган адаттары бар. Бул өтө туура эмес. Негизи конфликтти жеринде чечүү шарт. Аны үйгө алып келүүнүн кажети да, пайдасы да жок. Ата-эненин үйдөгү жана жумуштагы ролу эки башка. Ошол ролду татыктуу аткарганды үйрөнүү зарыл. Жинденүүдөн арылуунун да ыкмалары бар. Маселен, уктоо, ошол нерсени кагазга жазып чыгаруу, жалгыз убакыт өткөрүү, спорт менен алектенүү жана башка. Адам ушундай ыкмалардын өзүнө ылайыктуусун тандап алып, ошол учурду эч кимге зыяны жок өткөрүп жиберсе болот. Адамдын өздүгүнө тийишпей, кырдаалга жараша конфликтти жай сүйлөшүү менен чечип алуу өтө маанилүү. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер