Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акчалуу, бай болуш үчүн эмнеден баштоо керек?

Акчалуу, бай болуш үчүн эмнеден баштоо керек?

27-декабрь, 21:22
4 384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул суроону көп адамдар узатат. Чыгыш акылманы бул боюнча “Эң алгач сырткы дүйнөңдү тазала, андан соң ички дүйнөң өзгөрөт» деген экен. 

Баардыгы жашаган жерден башталат!

Адам эч нерсесин өзгөртпөй туруп өнүгүүнү күтпөй деле койсо болот. Бүгүн биз адамдын сырткы дүйнөсү, тактап айтканда, жашаган үйү же болбосо турак жайы анын байлыгына кандайча таасир берери тууралуу сөз кылмакчыбыз. Турак жай анын ээси тууралуу көп нерседен кабар берет. Үй – бул биздин өзүбүз тууралуу айтып турган күзгү. Үйдөгү ашыкча жүктөн арылуу өтө чоң күчкө ээ кылат. Үйдү таза жана иреттүү кармоо менен сиз акылыңызды дагы иретке келтире аласыз. Бул үчүн эч аянбастан туруп кереги жок заттардан арылыңыз. Эски буюмдарды сактоого умтулуу – жакырчылыкта ой жүгүртүүнүн башкы белгиси. 

Буюмдун же кийимдин керексиз экенин кантип аныктаса болот? Ал буюмду буга чейин эки-үч жыл колдонбосоңуз, эми чындап эле колдонбойсуз. Эски, колдонуудан чыгып калган заттар өзүнө энергияны тартып алат.

Эскирген, окулбай калган китептер, жыртылган кийимдер, кетилген идиш-аяктар, бузулуп оңдолбой, иштебей турган үй тиричилик буюмдары, эскирген, саргайган жууркан-төшөктөр, тигиши ажырап калган бут кийимдер, күйүп кеткен лампочка, буту сынган шкаф сиз үчүн эмес! Сиз эң мыктысына гана татыктуусуз!

Керебеттерди, жатуучу диванды, килемдерди ашып кетсе 10 жылдан ашык колдонууга болбойт. Аларда көп учурда терс энергия топтолот. Ошол арада алар модадан чыгып да калат. Эгер үйдө жаман окуяларды элестеткен буюмдар же кийимдер болсо, алар менен да коштошуңуз. Кийгенде ыңгайсыз болгон кийимдердин да кереги жок. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер