Аял менен эркектин ортосундагы кызыктуу сырлар сизде дагы болобу?
Жуптардын ортосундагы мамилелер боюнча көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 72 саат эрежеси, адамды сүйдүрүш үчүн кайсы кулагына шыбырайт? Сүйүүнүн ушул сыяктуу сиз билбеген укмуш илимий фактылары бар экен. Анда эмесе аларга көз салыңыз.
-- күн сайын жумушка кетерде жубайын өпкөн эркек мындай мээрим бербеген күйөөгө караганда орточо алганда 5 жылга узак жашайт;
-- ар бир 10 эркектин бешөө өмүрүндө эң аз дегенде беш ирет аялдарынын “көзүнө чөп салат”;
-- ар бир 10 аялдын бешөө эң аз дегенде өмүрүндө бир ирет “ала жипти аттайт”;
-- 72 саат эрежеси. Эгерде кыз-жигиттин алгачкы жолугушуусу жакшы өткөн болсо, 97 пайыз жигиттер 72 сааттын аралыгында кызга телефон чалат;
-- көпчүлүк айымдар тамашаны жакшы түшүнө билген эркекти жактырып калышат.Тамашаны жакшы түшүнүү – жогорку интеллекттин биринчи белгиси болуп саналат;
-- кыз-жигит сүйлөшө баштагандан күндөн тартып 4-5 айдан кийин мамилелери бузулушу мүмкүн. Бул алардын ортосундагы “сүйүү” гармондорунун деңгээлинин азайышы менен түшүндүрүлөт;
-- ал эми жубайлардын ортосунда кыйын учур үйлөнүү той өткөндөн кийин төрт жылдан соң башталат экен. Көп учурда жуптар 4-5 жылдан кийин ажырашуу тууралуу кеп башташат же ажырашат;
-- көпчүлүк жигиттерге апасына окшош кыздар жагат;
-- адам канчалык сүйүү тууралуу көп илимий далилдерди, психологияны билген сайын азыраак сүйө баштайт;
-- жигиттерге кызыл кийинген кыздар жагымдуу көрүнөт. Ошондуктан жолугушууга барарда кызыл кийим кийип алсаңыз, жагымдуу көрүнүү мүмкүндүгү жогору;
-- сүйүү сөздөрүн сол кулакка шыбыраган жагымдуу угулат;
-- аялдарга канчалык эркиндик берген сайын алар күйөөлөрүн ошончо жактырып турушат. Бул сүйүү психологиясындагы эң таңкалычтуу парадокстордун бири;
-- көпчүлүк кыздар “жигиттер алардын эмне каалап жатканын өздөрү түшүнүшү керек” деп эсептешет. Бул психологияда “ачык иллюзия” деген термин менен түшүндүрүлөт.
"Азия Ньюс" гезити