Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сасык тумоону үй шартында кантип дарылайбыз?

Сасык тумоону үй шартында кантип дарылайбыз?

18-октябрь, 21:34
1 774 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Суук башталганда эле адамдардын көпчүлүгү сасык тумоо оорусу менен ооруй баштайт. Ата-энелер бул учурда балдарын оорутуп албаш үчүн ар түрдүү ырым-жырымдарды, ыкмаларды колдонууга өтөт эмеспи. Элдин баары ооруй баштады дегенди уккан биздин апабыз да түрдүү ыкмалар менен оорунун алдын алууга өттү. Үй шартында сасык тумоону кантип алдын алса болот же апаларыбыздын сасык тумоодон сактанган беш жолун заманбап "лайфхак" деп аталган термин менен тизмектеп көрөлү.

Арча менен аластоо

Үйдө бирөө чүчкүрүп-бышкырып калды дегиче, апалар биринчи кезекте арчаны күйгүзүп, бөлмөлөрдү түтөтүп чыгат. Мындан сырткары, үйдөгү ар бир кишиге анын түтүнүн жыттатат. Бул бөлмөдөгү бактерияларды өлтүрүүгө жардам берери айтылат.

Сарымсакты колдонуу

“Сарымсак сасык тумоонун алдын алууда пайдалуу азыктардын бири” деген энелер аны тамакка туурап кошуп, чийкилей да нан менен кошуп беришет. Мындан сырткары, балдарын оорутуп албоо максатында күн сууктап баштаганда эле аны аарчып шуру сымал жипке тизип, балдардын мойнуна илип коёт. Болбосо жаткан жаздыгынын алдына коюп койсо да оорунун алдын алуу деп айтышат.

Үйдүн ичин желдетүү

"Үйлөрдү бир сыйра шамалдаталы, эшикке чыгып ойноп, таза абадан дем алгыла" деп балдарын эшикке чыгарып коёт. "Илгери биз суукта жылаңайлак, жылаңбаш ойноп эле, ооручу эмеспиз" деген чоң энелер "суукка чыдамдуу балдар көп оорубайт" деп коюшат.

Пияздын жардамы

Үй шартында сасык тумоонун алдын алууда пияз да жакшы жардам берет деп айтат менин апам. Пиязды аарчып, туурап, бөлмөлөргө коюп коюу же болбосо аны тез-тезден жеп туруу оорудан оолак болуунун бир жолу.

Малина кыямы

Малина кыямы, бал кошулган чайды тез-тезден ичип туруу үй шартында гана эмес, дарыгерлер тарабынан да сунушталып жүрөт. Мындан сырткары, мандарин, апельсин өңдүү цитрус жемиштерин жеп туруу да сасык тумоонун алдын аларын көп кеңеш беришет.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер