Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күзгү бук болууну кантип кетиребиз?

Күзгү бук болууну кантип кетиребиз?

21-сентябрь, 14:10
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адистин айтымында, күзгү бук болуу, көңүл чөгүү өзүнөн өзү кетип калбайт. Адам атайылап өз маанайын көтөрүп, жаңы, позитивдүү эмоцияларды издеши керек.

Россиялык психолог Павел Жавнеров эмне себептен адамдар күздө маанайы чөгөрүн жана андан арылуунун жол-жобосун "Известия" басылмасына айтып берди. Адистин пикиринде, маанайдын чөгүшүнө келе жаткан кыш жана жайкы эс алуудан кийинки иш күндөрү себеп болот.

"Күзгү бук болуу, көңүл чөгүү өзүнөн өзү кетип калбайт. Адам атайылап өзүнүн маанайын өзү көтөрүп, жаңы, позитивдүү эмоцияларды издеши керек. Ошондой эле элге аралашып, шаңдуу компаниялар менен убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Жагымдуу адамдар менен сүйлөшүп отуруу, тамактануу дагы жардам берет", - деди Жавнеров.

Мындан тышкары, көп кыймылдап, үйдөгү жумуштарды жасоо иммунитетти көтөрүп, жалпысынан ден соолукту калыбына келтирет. Анткен менен адистин айтымында, күз балдарга эч кандай таасир этпейт. Андыктан баланы эмне менен алаксытам (?) деп кам санабай эле койсоңуз болот.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер