Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башка убакта эмес, адам өлгөндө гана аны жоготосуң

Башка убакта эмес, адам өлгөндө гана аны жоготосуң

10-август, 00:22
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эрих Мария Ремарктын цитаталары)

Бир нече жолу жалгыз калгандар гана сүйүктүүсүн жолуктуруу бакыт экендигин билишет. 

***

Аял сүйүүнү баштан кечиргенде акылдуу болот, жетилет. Ал эми эркек өзүн жоготот. 

***

Бакыт жөнүндө беш мүнөт сүйлөшсөңүз болот. Бул жерде сиз бактылуу болгондон башка эч нерсе айта албайсыз. Адамдар түнү бою бактысыздык  жөнүндө гана сүйлөшүшөт.

***

Мурда жакшы көргөн адамыңдан башка эч ким анчалык чоочун боло албайт.

***

Башка убакта эмес, адам өлгөндө гана аны жоготосуң.

***

Бул жашоодо кайгылуу гана нерселерди ойлой берсек, анда бул жашоодо жашоонун кызыкчылыгы жок.

***

Жок, биз өлбөйбүз. Убакыт гана өлөт. Шайтан алгыр убакыт. Ал тынымсыз өлөт. А биз жашайбыз. Эч өзгөрүүсүз жашайбыз. Бир ойгонсоң айланаңда жаз, кайрадан күз... Эгер биз бири-бирибизди сүйсөк, түбөлүктүү тирүүбүз жана өлбөспүз. Кубанычтуу ирмемдер мына ошол чыныгы жашоо. Ал түбөлүктүүлүккө жакыныраак. 

***

Эч ким эч нерсе күтпөсө, ал кайгырбайт, азап тартпайт. Бул эң сонун жашоо эрежеси. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер