Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлсана Бапаева: “Коронавирустан кийин кантип өз абалыбызга келебиз?”

Гүлсана Бапаева: “Коронавирустан кийин кантип өз абалыбызга келебиз?”

09-август, 12:31
854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаш-кары дебей миңдеген адамдар коронавируска чалдыгып, кайра айыкты. Бирок дарттын изи кетпей, дагы деле алсыздык, тердөө, өпкөнүн калыбына келбегени, психологиялык жабыркоолор менен кыйналгандар көп. Терапевт Гүлсана БАПАЕВА эже мындай абалда эмне кылуу керек экенидигине кеңеш берди. 

-- Гүлсана эже, коронавирустан айыккандан кийин деле адамда өзгөрүү болуп, өзүнө келүү бир топ оор экен. Психологиялык жактан жабыркап, тынымсыз тердеп, пневмония менен ооругандар деле өпкө калыбына келбегендей, айыкпагандай, кан айлануу жайыраактай. Сиз бул абалга кандай кеңеш бересиз?

-- Биз баарыбыз эпидемия, пандемия учурунда коронавирус менен ооруп чыктык. Коронавирус организмге кирип жайгашканча, жети күндөн он күнгө чейинки убакыт өттү. Ошол убакта эч нерсе сезген жокпуз. Андан кийин оорунун курч мезгилинде баардыгыбыз ар түрдүү симптомдор менен оорудук. Даттануулар абдан көп болду. Ошол дарттын курч мезгилинде баарыбыз колубуздан келишинче ар түрдүү дарылана баштадык. Ал мезгил да өттү. Эми кийинки жакшы болуу стадиясында менин практикамда тердегени токтобой, башы ооругандар болууда. Анан да психологиялык жактан жабыркап жатышат. Тамак-аш сиңирүү системасы дагы жакшы эмес. Демек, кайра тактай турган болсок, вирустан кийин дем алуу системасында пневмония көп өзгөрбөй кала берди. Башкача айтканда, өпкөнүн сезгенүүлөрү жакшы болбостон кала берди. Тамак сиңирүү системасында да өзгөрүү болуп калды. Бул деген өткө жакшы куйбай жатат деген сөз. Ичегилер көөп, эки далынын ортосу ооруп, дагы деле айрымдардын табити жок. 

-- Психологияга, нерв системасына да таасир берип жатат да э?

-- Коронавирустун курч мезгилинде жакын адамдары бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин коркуу сезимдери пайда болуп, нервденүү, кыжырдануу, депрессия болуу абалына келип калышты. Аны чыгаруу оорурак. Депрессияга түшкөндөн кийин “эми мындан аркы жашоом эмне болот? Балдарым кантет?” ж.б. ушуга окшогон ойлор мээсин жей берет. Бул нерв системасына берген коронавирустун терс таасири. Тери органына берген таасирин айтсак, адамдар көп тердегени боюнча айтып жатышат. Мындан тышкары, мээ системасында оору пайда болуп, ошол бойдон басылбай кармалган күндөрдү кечиришти. 

Менин практикамда, курсакка, бездерге массаж жасоонун жардамы чоң экенин байкадым. Тамак сиңирүүнү, өттү калыбына келтирип, көп тердөөнү азайтып жатабыз. Ал эми он эки эли ичегиге, ашказанга, башка органдарга массаж жасоо менен стресс, нерв болууну жок кылабыз. Массаж жасоо, органдарды түртүү, кан айланууну жакшыртуу менен жакшы жыйынтыктар болууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер