Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл жазуучусу Касымаалы Жантөшовдун татаал турмушу

Эл жазуучусу Касымаалы Жантөшовдун татаал турмушу

05-август, 13:09
756 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бизге устат болгон залкар жазуучу, нукура сөздүн зергери Касымаалы Жантөшов жөнүндө жазуу – орошон суроо туудуруп, олку-солку ойлорго, чырмалышкан түйүндөргө урунтту. Анын себептеринин бири – ал бизге кызматташ же теңтуш калемгер болбогондуктан, адабияттагы ээлеген ордун, маанисин, артыкчылыгын, адамгерчилигин канчалык сүймөнчүлүк менен айтып жүрсөк да, баары бир сиңирген эмгегине жеткире баа бере албаспыз. 


Жантөшовдун Каныбек

Мунун кандай жаны бек 

Айрыкча 30-50-жылдардагы замандаш калемгерлердин катарынан бөлүнүп турган, кыргыз элинин кымбат сүйүүсүнө ээ болгон, китептери окурмандардын колунан түшпөгөн кадырлуу калемгер. Жаш чагында турмуштун кайнаган жеринде. Татаал кагылыштарда, окуялардын чордонунда, тап күрөшүнүн  карама-каршы кайчылаш тоомдорунда, ар түркүн тагдырлардын кесилишкен айры жолдорунда жүргөн. 1916-жылдагы элдик боштондук көтөрүлүштө Кытайга сүрүлгөн качкын кыргыздар менен кошо үркүнгө барганда 12 жашар бала эле.

30-жылдардын акырында, башкача айтканда, биринчи декаданын алдында кыргыз адабияты менен көркөм өнөрү өзүнүн өнүгүү стадиясынын биринчи фазасына жетти. Ошол кезде Касыкем «Каныбек» (1-2-китеп), «Эки жаш», «Адыл мерген» сыяктуу роман, повесть, аңгемелерди, «Курманбек», «Дардаш» «Токтогул» сыяктуу ж.б. көптөгөн драмалык чыгармаларды жазат.

Жантөшовдун «Каныбек»,

Мунун кандай жаны бек?

Сууга салса чөкпөгөн,

Отко салса күйбөгөн,

Өмүр жолу дагы көп.

Касыкем ата мекендик согуштан кийин да көп иштеди. «Каныбек» романын 3-китебин ж.б. көптөгөн драма, повесть, аңгемелерди бүтүрдү.


Касыкемдин үйүндөгү сүрсүгөн эттер

Анын үйүндө эчен мертебе болгонбуз. Касыкемдин түн бир оокумга дейре чырагы өчпөй күйүп турганын көргөнбүз. Мага жазуучулар союзуна өтүүгө сунуш киргизген, тунгуч китебимди жарыкка чыгарууга, Москвадан окууга жолдомо берген устатым эле. Бир күнү Касыкемдин үйүнө барсам, согумга союлган жарым тайдын этин алып, касапчыдан бетер алжапкычын тартынып, устукандап жатыптыр. Качан болбосун кампасында сүрсүгөн чүйгүн эттер илинип турар эле. 

-- Тартып тур! - деди учанын капталын карматып. -- Муну уча дейт, улуу урматтуу мейман жейт. Мейман сен! - деп какшык ыргытты да, этти шылып кирди.

Деги эле Касыкем жылкы, бодо, жандык мүчөлөрүн, түстөрүн, турпатын, сымбатын мудаа билчү. Кан тамырларды «күрөө тамыр, толто тамыр, жибек тамыр» деп ажыратчу. Ал билбеген кыргыздын төл сөздөрү сейрек эле.

-- Жигит, - деп калды аңгыча. -- Бүгүн бир аксерке сапырып, бешбармак жейли да, кырк жылкы айдайлы. Дүкөнгө чап да, куркулдай сүтүн тап! «Молдокеңди» билесиңби?

-- Билбей анан! Менин атам сиздин жердеш Кененбай Турсунов деле этсиз отурбайт. «Ак молдодон» да куру эмес.

-- А болсун эмесе, акыр замандын баласы. Алып кел!

Талабын аткарып келген соң этти чүйгүндөп казанга салды да, тактага чатыраш тизип, үстөлгө чакырды.


Жазуучуну түшүнгөн үй-бүлө болбоду

Касыкемдин жакшы көргөн жары Айымкан 1943-жылы каза тапты. Касыкем бир топ жыл бойдок жүрүп, режиссер Өмүркул Жетикашкаев майданда мерт болгон соң, анын жесир калган жаш жубайы Нуркамалга үйлөндү.

Кыргыздын биринчи акын кызы Нуркамал чыгармачылыгы гүлдөп турган маалда, 1952-жылы каза болду. Андан Кадыркул деген Өмүркулдун баласы калды. Касыкем дагы бойдок жүрдү. Бойго жетип калган кызы Жибек турмушка чыга турган болгон соң, кызына үй-жайын калтырып Айжамал деген казак аялга үйлөндү. Ал жесир калган беш балалуу аял эле. Аны түшүнгөн үй-бүлө болбоду... Бирок, сыртына сыр чыгарып, эч кимге билгизбеди. Өмүрүнүн акыркы жылдарында эси жок, эсирген, дүнүйөкор үй-бүлөдө жападан жалгыз калды. 1968-жылы «эл жазуучусу» деген наам алгандан көп өтпөй үйдөгү пикир келишпестиктен ооруп, айылына 17 күн жүрүп келди. Бирок, жалгыздыктан кутула албады. Акыры ооруканага барып, жети күн кыйналып жатып жан таслим болду. 

Ошентип кылымда табылбас кыргыздын залкар адамы бул дүйнөдөн өттү. Айтар сөзү, акыркы керээзи өзү менен кошо жерге кетти. Мына биз “жакшы жашады” деген жазуучунун турмушу түшүнбөстүктүн туңгуюгунда өткөн.


“Триумф жана трагедия” китебинен даярдаган Жамиля Нурманбетова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер